Аймак

НАЗАРБАЕВ КАЗАК ӨКМӨТҮН ОТСТАВКАГА КЕТИРДИ

НАЗАРБАЕВ КАЗАК ӨКМӨТҮН ОТСТАВКАГА КЕТИРДИ

 1,076 Бардыгы /

 

Андан мурдарак Назарбаев өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт “кетиши керек” деп айткан. Президент өкмөттү казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок деп сындады. Өлкөдө жумушсуздук көйгөйү, айрыкча айыл жергесинде чечилген эмес. Назарбаев белгилегендей, чакан жана орто ишкердик экономикалык өнүгүүнүн негизги күчүнө айланган жок.

Казак өкмөтүн убактылуу вице-премьер-министр Аскар Мамин жетектейт.

Өкмөттүн кызматтан чегиниши өлкө боюнча көп балалуу энелердин нааразылыгы күчөгөн маалга туш келди. Астанада бир үй-бүлөнүн беш кызынын өмүрүн алган өрттөн кийин аялдар мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жатышат.

Казакстан өкмөтүн 2016-жылдын сентябрь айынан бери премьер-министр Бахытжан Сагинтаев жетектеп келген.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17