Аймак

МОСКВАДА ИСЛАМ БЛОГЕРИ ТЕРРОРИЗМГЕ ҮГҮТТӨӨ ШЕГИ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

МОСКВАДА ИСЛАМ БЛОГЕРИ ТЕРРОРИЗМГЕ ҮГҮТТӨӨ ШЕГИ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 1,100 Бардыгы /

Москванын Мещанский соту 21-февралда блогер Алибек Мирзехановду террорчулукка азыгыруу шеги менен эки айга камакка алды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча блогер 2014-жылы эки таанышына “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууга жана Сирияга барууга чакырык таштаган видеону көрсөткөн. Алар Мирзехановго каршы көрсөтмө беришкен. Бул иште алар күбө катары өтүүдө. Бирок 2019-жылдын башында блогерге каршы көрсөтмө берген кишилер террордук ишмердүүлүк үчүн соттолушкан.

Алгач Мирзеханов “Неолит” кафесиндеги калайман мушташка катышуу шеги менен кармалган. Азыр андан бул иш боюнча айыптоолор алынып салынды.

14-февралда Печатники районундагы “Неолит” кафесинин жанында 30дөй киши катышкан уруш катталган. Орусиялык басылмалар кабарлагандай, бул мушташтын чыгышына азербайжандыктар менен чечендердин ортосундагы этникалык себептерден улам уланып келаткан чыр себеп болгон.

Бул окуяга байланыштуу белгилүү ислам блогери Алибек Мирзеханов камалган. Анын Инстаграмдагы баракчасына 120 миңден ашуун адам катталган. Мирзехановдун агасы Алибек мушташка катышпаганын жана анын ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, муну жөн гана шылтоо катары колдонуп жатышканын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17