Аймак

ӨЗБЕКСТАН ҮЧ БАЛАСЫ МЕНЕН ТЕРРОРЧУЛАРДЫН АРАСЫНДА ЖАШАП ЖҮРГӨН АЯЛДЫ МЕКЕНИНЕ АЛЫП КЕЛДИ

ӨЗБЕКСТАН ҮЧ БАЛАСЫ МЕНЕН ТЕРРОРЧУЛАРДЫН АРАСЫНДА ЖАШАП ЖҮРГӨН АЯЛДЫ МЕКЕНИНЕ АЛЫП КЕЛДИ

 942 Бардыгы /

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы менен Түркияда террорчулардын катарында жашап жүргөн Холбиби Кучирова аттуу аялды мекенине алып келди. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги кабарлады.

«2013-жылы чет өлкөгө кетип, диний агымдарга кошулуп кеткем. Балдарым менен Стамбулда ижарага батир алып жашап жүрдүм. Алардын эч кандай документтери жок болчу. Өзбекстанга келгим келген, бирок мүмкүнчүлүк болбой жүрдү. Президентке чоң рахмат, бүгүнкү күндө өз үйүмдө жашап жатам», — деп билдирди Кучирова.

Маалыматка караганда, 2013-жылы анын күйөөсү Ильхом Тураев Стамбулдагы агасынын чакыруусу менен жубайын жана балдарын алып Түркияга барган. Ал жактан «Ислам мамлекетине» азгырылып, алардын катарына кошулуп кеткен.

Учурда Илхом Тураев Сурхандарья облусундагы жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп, жергиликтүү кыш заводунда иштеп жүрөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17