Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,604 Бардыгы / Эсибизде. Тээ Союз маалында Кыргызстандын бардык облустарындагы ооруканаларда СанАвиация бөлүмү үзгүлтүксүз иштеп, а түгүл алардын атайын АН-2 самолеттеру дагы бар эле. Кокус зарыл чакыруу түшсө, самолет жердин алыстыгына жана аба ырайынын катаалдыгына карабастан сөзсүз учуп, кошо барган докторлор сыркоолорду жеринде эле текшеришип, эгерде акыбалы абдан оорлошсо, өздөрү менен кошо шаарга алганча дагы келишчү. […]
2,605 Бардыгы / Эсибизде. Тээ Союз маалында Кыргызстандын бардык облустарындагы ооруканаларда СанАвиация бөлүмү үзгүлтүксүз иштеп, а түгүл алардын атайын АН-2 самолеттеру дагы бар эле. Кокус зарыл чакыруу түшсө, самолет жердин алыстыгына жана аба ырайынын катаалдыгына карабастан сөзсүз учуп, кошо барган докторлор сыркоолорду жеринде эле текшеришип, эгерде акыбалы абдан оорлошсо, өздөрү менен кошо шаарга алганча дагы келишчү. […]
САМОЛЕТУ ЖОК САНАВИАЦИЯ
22.02.2019 / Автор aymak2,606 Бардыгы /
Эсибизде. Тээ Союз маалында Кыргызстандын бардык облустарындагы ооруканаларда СанАвиация бөлүмү үзгүлтүксүз иштеп, а түгүл алардын атайын АН-2 самолеттеру дагы бар эле. Кокус зарыл чакыруу түшсө, самолет жердин алыстыгына жана аба ырайынын катаалдыгына карабастан сөзсүз учуп, кошо барган докторлор сыркоолорду жеринде эле текшеришип, эгерде акыбалы абдан оорлошсо, өздөрү менен кошо шаарга алганча дагы келишчү.
– Азыр балээниби? Антишмек түгүл, баардыгын транспорт жоктугуна шылтоолошуп, оңой гана кутулуп келатышат. Анан айлабыз таптакыр куруганда, Ошко дейре өзүбүз атайын машина жалдап, сыркоолорду ар кандай жолдор менен эптеп борборго жеткирип жатабыз, – деп агынан жарылды Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн тургуну үмүтбек Маматалиев. – Советтер Союзунун тушунда Ош шаарынан Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар кыштагына эле үч маал АН-2 самолету каттачу. А жанагындай медициналык “Тез жардам чакырганыбызда, Ош облустук ооруканасынын СанАвиация кызматынан АН-2 самолету дароо учуп барчу. Акыбалы абдан эле оорлошкондорду ошону менен борборго дагы алып келишчү.
– Совет доорунда азыркы Алай жана Чоң-Алай райондору бир эле
аймак эмес беле. Зарыкканда, ошол жактарга деле доктор чакыртсаң, дарыгерлер тобу дары-дармеги менен дароо учуп жетип барышчу, – деп чырылдады Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн жашоочусу Айтпай Жээналиев. – А азырчы? Ар шылтоону айтышып, жөн дагы келишпейт. Өтө алыскы айылдарга, чындыгында, барбай деле коюшат. Ичим ачышканы:азыркы коомубузда Адам фактору таптакыр эле көңүл сыртында калды. Эң жаманы: бардык маселени, мунун ичинде Адам тагдырын дагы, акча гана чечип атат… Болбосо, ушул тапта СанАвиацияны мурдагыдан дагы жандандырып, заман талабына жараша туруктуу бир-эки вертолот күтүшсө, мындан мамлекет гана утмак…
Бир кездеги СанАвиация кызматын эмне үчүн жоюп жиберишкендигин Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын Шашылыш жана Пландуу медициналык Кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы Абдикерим Абдырахмановдон такып сураштырдык.
– Бир кездеги СанАвиация ушул таптаОш облустар аралык клиникалык ооруканасынын Шашылыш жана Пландуу медициналык Кеңеш берүү бөлүмүнүн кичнине гана бөлүмчөсү. Ырас, илгеркидей самолетубуз жок! Бирок, эки “Тез жардам” машинабыз бар, – дейт Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Шашылыш жана Пландуу медициналык Кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы Абдикерим Абдырахманов. – Бизде 0770 68 88 80 телефонукүнү-түнү иштейт. Ал жерде кадимкидей кезметчилер дагы такай олтурушат. Чакырган жерге жанагыл машиналар менен эптеп жетип барабыз. Мурда биздин мекемеге бир вертолот берилет деген дагы сөздөр жүрдү эле. Ошол болсо, кана? Сыркоолордон тил укпастан, тээтигил Исфара, Чаткал, Чоң-Алай, Алайкууга дейре учуп гана бармакпыз…
Кайтып келатканыбызда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Шашылыш жана Пландуу медициналык Кеңеш берүү бөлүмүнүн СанАвиация кызматына шашылыш чакыруу түштү. Чакан топ СанАвиациянын “Тез жардам” машинасын минип, алыскы Чаткалды карай чапкылашты…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
-
-
03.11.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.