Аймак

ИМАМДАР СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАГЫ МАТЕРИАЛДАРДЫ ТАЛДООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ

ИМАМДАР СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАГЫ МАТЕРИАЛДАРДЫ ТАЛДООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ

 1,242 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы Тянь-Шань мейманканасынын конференция залында экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу жана имамдардын мүмкүнчүлүгүн чыңдоо максатында “Заманбап медиа инструменттер” аталышындагы тренинг өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык казыяттан билдиришти.

Анын алкагында имамдар социалдык тармактагы материалдарды талдоону үйрөнүү менен медиа сабаттуулугун жогорулатышты. Мындан тышкары диний толлеранттуулукту өркүндөтүүнүн жолдорун, конфессиялык аралык мамилелерди калыптандырууну дагы окуп үйрөнүштү.

Иш чарага КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектөөчү адиси Гулназ Исаева, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен жана Назира Курбанова менен Икбол Исаков тренердик кылышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17