Аймак

ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИ АРАСЫНДА ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИ АРАСЫНДА ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

 1,035 Бардыгы /

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында араб тилинин грамматикасы жана фикх сабагы боюнча олимпиада өттү.
Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардын жана мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү, тажрыйба алмашуу, сабактарды тереӊдетип окутууну жогорулатуу максатында араб тилинин грамматикасы, фикх сабагы боюнча олимпиада болуп өттү.
Иш чара алкагында студенттер үчүн ачык сабактар, мугалимдердин жөндөмдөрү каралды.
«Бул олимпиадалардын өтүшү менен студенттердин кызыгуусу жогоруласа, мугалим предметти толук жеткирүү үчүн издене баштайт. Андыктан диний окуу жайларда мындай саамалыктар өтүп туруусу маанилүү»,- деди облус казысы Абдулазиз каары Закиров.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17