Аймак

НАЗАРБАЕВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ АСКАР МАМИНДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН СУНУШТАДЫ

НАЗАРБАЕВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ АСКАР МАМИНДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН СУНУШТАДЫ

 1,304 Бардыгы /

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы тиешелүү сунушун парламент мажлисинин кароосуна алып чыкты.

Аскар Мамин 21-февралда отставкага кетирилген Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтүндө премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Учурда ал өкмөт башчынын милдетин аткарууда.

53 жаштагы Мамин ага чейин «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчиси, Астана шаарынын акими, транспор жана байланыш министри кызматтарын аркалаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17