Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ОКУУЧУЛАРДЫН МУШТАШЫНАН 13 ЖАШТАГЫ БАЛА КАЗА БОЛДУ

ӨЗБЕКСТАНДА ОКУУЧУЛАРДЫН МУШТАШЫНАН 13 ЖАШТАГЫ БАЛА КАЗА БОЛДУ

 1,643 Бардыгы /

23-февралда Өзбекстандын Жизак облусундагы мектептердин биринде жапырт мушташ болуп, анын жыйынтыгында 6-класстын окуучусу каза болду. Бул факты боюнча жергиликтүү прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Жизак облустук элдик билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мушташ маалында жогорку класстын окуучуларынын бири четте турган 6-класстагы баланы кокустан уруп алган.

«Бала дароо райондук ооруканага жеткирилди. Бирок ал ошол эле күнү кечинде каза болуп калды. Биз окуучу мектепте өлдү деп айта албайбыз», — деди мекеме өкүлдөрүнүн бири.

Райондук милиция бөлүмүнүн маалыматына караганда, бул окуя боюнча мектеп жетекчилиги күч органдарына кабарлаган эмес. Окуу жайдын директору окуучунун өлүмү тууралуу милицияга эмнеге маалымат бербегенин түшүндүрө алган жок.

Бул окуя Өзбекстанда мектептердеги зордук-зомбулукту азайтууга багытталган долбоорлор ишке ашырыла баштаган маалда болууда. Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча бул өнөктүк беш айга созулат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17