Аймак

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ТИМ БАШЧЫСЫНЫН ОТСТАВКАСЫН КАБЫЛ АЛГАН ЖОК

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ТИМ БАШЧЫСЫНЫН ОТСТАВКАСЫН КАБЫЛ АЛГАН ЖОК

 974 Бардыгы /

Ирандын президенти Хасан Роухани 26-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин отставкасын кабыл алган жок.

Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда “Инстаграмдагы” баракчасына жазган. Анын чечиминин себеби айтылган эмес.

“Азаттыктын” иран кызматы буга чейин Роухани Зарифке кызматы үчүн ыраазычылык билдиргенин кабарлаган. Бирок отставканы кабыл алар-албасын тактаган эмес.

27-февралда Мухаммед Зариф БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин жыйынына катышуусу керек болчу. Бирок сапар токтотулган.

Жавад Зариф Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен кол коюлган өзөктүк келишимге жооптуу болгон.

Былтыр майда АКШ президенти Дональд Трамп макулдашуудан чыгарын, Иранга каршы санкцияларды кайрадан жандандырарын жарыялаган.

Америка менен Израиль келишимге карабай, Иран жашыруун түрдө өзөктүк куралдарды чыгарып жатат деген пикирде. Тегеран бул айыптоолорду четке кагып келет. Евробиримдик АКШны колдобой, америкалык санкциялардан баш тартуу боюнча өзүнчө чараларды кабыл алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17