Аймак

ПАКИСТАН ИНДИЯНЫН ЭКИ АСКЕРДИК УЧАГЫН АТЫП ТҮШҮРГӨНҮН БИЛДИРДИ

ПАКИСТАН ИНДИЯНЫН ЭКИ АСКЕРДИК УЧАГЫН АТЫП ТҮШҮРГӨНҮН БИЛДИРДИ

 1,263 Бардыгы /

27-февраль күнү эртең менен Пакистандын бийлиги Кашмир аймагында Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн эки учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Буга чейин Индиянын аскерлери аталган аймакта эки учагы кулаганын ырастаган.

26-февралда Индия «Мираж 2000С» үлгүсүндөгү 12 учагы менен Кашмирдин Пакистанга таандык бөлүгүндөгү «Жаиш-е-Мухаммад», «Хизбул Муджахиддин» жана LeT террордук топторунун лагерлерине миң килограммдык бомбаларды таштаганын билдирген.

Чабуулдан кийин Индиянын адам ресурстарын өнүктүрүү министри Пракаш Жавадекар бул өлкөнү коргоо үчүн зарыл кадам болгонун айткан. Кийинчерээк өлкөнүн тышкы иштер министри Виджай Гокхале жоочулар Индия аймагында жаңы чабуулдарды жасоону пландашканын, буга байланыштуу алардан озунууга туура келгенин айтып, согушкерлер кол башчылары менен бирге мерт болгонун кошумчалаган.

Пакистан өкүлдөрү болсо Индиянын аскердик учагы Кашмирдин Пакистанга таандык бөлүгүнө сокку урганы менен, ал аймакта жоочулар лагери болбогонун жана өлгөндөр жок экенин билдиришти.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Учурда Кашмирде мамлекеттик чек ара жок, анын аймагын көзөмөл сызыгы гана бөлүп турат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17