Аймак

ХОЖЕНТТЕГИ КОРЕЙ ЧИРКӨӨСҮНҮН ИМАРАТЫ БАЛА БАКЧАГА БЕРИЛЕТ

ХОЖЕНТТЕГИ КОРЕЙ ЧИРКӨӨСҮНҮН ИМАРАТЫ БАЛА БАКЧАГА БЕРИЛЕТ

 1,063 Бардыгы /

Тажикстандын Согди облустук сотунун чечими менен Хожент шаарындагы «Сонмин Сонбогым» корей чиркөөсүнө таандык эки имарат мамлекетке өтүп, анда бала бакчалар ачылат. Соттун бул чечими мыйзамдуу күчүнө кирди.

1995-жылы аталган эки имарат калаа башчынын чечими менен корей чиркөөсүнө 38 жылга ижарага берилген. Бирок Шаардык билим берүү башкармалыгы бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, акыркы төрт жылдан бери аны жокко чыгарууга аракет кылып келген.

Сотто корей чиркөөсүнүн кызыкчылыктарын коргогон «Хакикат» юридикалык борборунун башчысы Ильёс Икромов соттун бул чечими менен макул эмес экенин билдирди. ​«Бул чечим боюнча соттун көзөмөл инстанциясына даттанып, биздин пайдага чечим чыгарууну талап кылдык. Биздин колубузда бул жерди корей чиркөөсүнө ижарага берүү тууралуу калаа башчынын чечимин туура деп тапкан Хожент шаардык сотунун чечими бар», — деди Икромов.

Анын айтымында, 1995-жылы Хожент мэриясы ал жерди корей чиркөөсүнө 38 эмес, 49 жылга ижарага берген. «Ошондуктан ал чечимди жокко чыгаруу жана чиркөөнүн ишмердүүлүгүн токтотуу мыйзамсыз болуп эсептелет. Чиркөөнүн өкүлдөрү ад жерди жайлуу кылуу үчүн көп каражат жумшаган жана чечимди жокко чыгаруу уюмга олуттуу материалдык зыян алып келет», — деди адвокат.

Учурда Хожент шаардык билим берүү башкармалыгы чиркөөнүн имаратына бала бакча ачууга аракет кылууда. «Шаардын аталган бөлүгүндө калк жыш отурукташкан. Ошондуктан биз чиркөө имаратын Билим берүү министрлигинин балансына кайтырып берүүнү талап кылдык», – деди башкармалыктын өкүлү Мухаббат Нозимова.

2017-жылы жайында Хожент шаардык соту «Сонмин Сонбогым» христиан чиркөөсүнүн пастору Бахром Холматовду экстремизм айыбы менен үч жылга эркинен ажыраткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17