Аймак

СОТ АТАМБАЕВДИ ҮЧ САЯСАТЧЫГА 300 МИҢ СОМ ТӨЛӨП БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТЕНДИРДИ

СОТ АТАМБАЕВДИ ҮЧ САЯСАТЧЫГА 300 МИҢ СОМ ТӨЛӨП БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТЕНДИРДИ

 1,548 Бардыгы /

Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Акматбек Келдибековдун экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковго каршы жазган доо арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Сот Атамбаевди саясатчылардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө, «Апрель» телеканалын доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирди.

Парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17