Аймак

ОШТО МЭРИЯНЫН КОЛДООСУ МЕНЕН IТ-МЕКТЕП АЧЫЛУУДА

ОШТО МЭРИЯНЫН КОЛДООСУ МЕНЕН IТ-МЕКТЕП АЧЫЛУУДА

 1,761 Бардыгы /

ОШ. Ош шаардык мэриясы маалымдагандай Ош шаарында мэриянын колдоосу менен IT-мектеп ачылууда. Мектепте чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келген жергиликтүү программисттер жаштарды окутуп, даярдашат. Мындай демилгени ПРООН, GIZ сыяктуу эл аралык уюмдар да колдоого алып, шаардык мэрия тарабынан IT-мектеп үчүн имарат берилди.

Бүгүнкү күндү имараттын ичин оңдоо иштери жүрүүдө. Донордук уюмдар техникалык, консультативдик жана тажрыйба алмашуу жагынан колдоо көрсөтүнү колго алышкан. Мындан тышкары Программа түзүүчүлөр ассоциациясы жана Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы да ар тараптан колдой тургандыгын билдирип, бул жаатта кызматташуу боюнча атайын меморандумга кол коюлду.

Долбоор президент С.Ш. Жээнбеков тарабынан жарыяланган “2019-жыл – аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын” алкагында ишке ашууда. Ош шаарындагы IT-мектеп тарабынан заман талаптарына ылайык жаңы маалыматтык технологиялар жаатындагы адистер даярдалып, өлкөнү санариптештирүү үчүн жакшы өбөлгө түзүлмөкчү. Мектеп март айында пайдаланууга берилет.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17