Аймак

ЕККУ КАЗАКСТАНДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН КАРМАЛЫШЫНА КАБАТЫР

ЕККУ КАЗАКСТАНДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН КАРМАЛЫШЫНА КАБАТЫР

 1,062 Бардыгы /

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Алматы, Жаңыөзөн жана Орол шаарларындагы акцияларды чагылдырган журналисттер менен блогерлердин кармалышына тынчсыздануусун билдирди.

«Коомчулукту социалдык протесттер жана көйгөйлүү маселелер тууралуу кабардар кылып туруу – журналисттердин негизги ролу. Алар аткарган иши үчүн жазаланбашы керек», – деди Дезир.

27-февралда Жаңыөзөндө “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен менен видеооператор Санат Нурбек кармалган. Алар Актау шаардык полициясынын департаментинде сурак берип, алты сааттан кийин бошотулган. Ушул эле күнү Алматыда блогер Асхат Берсалимов, Оролдо Аскар Шайгумаров кармалган.

Дезирдин билдирүүсүндө акыркы убакта Казакстанда журналисттерди ыгы жок кармоолор көбөйүп кеткени белгиленген.

Казакстанда бир айдан бери социалдык талаптар менен нааразылык акциялары өтүп жатат.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17