Аймак

КОШМО ШТАТТАР ӨЗБЕКСТАНГА КАРЖЫЛАЙ ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ ҮЧ ЭСЕГЕ КӨБӨЙТТҮ

КОШМО ШТАТТАР ӨЗБЕКСТАНГА КАРЖЫЛАЙ ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ ҮЧ ЭСЕГЕ КӨБӨЙТТҮ

 927 Бардыгы /

Кошмо Штаттар Өзбекстанга каржылай жардам берүүнүн көлөмүн эки жылда үч эсеге көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс билдирди.

Ташкентте өткөн америка-өзбек саясий кеңешмесинин жүрүшүндө Элис Уэллс 2016-жылы Вашингтон Ташкентке 10,1 миллион доллар бөлгөнүн айтты. 2018-жылы бул сумма 28,1 миллион долларды түзгөн.

Элис Уэллс АКШ Өзбекстандагы реформаларды колдой турганын белгиледи.

Америкалык чиновник Ташкентке 26-февралда америка-өзбек саясий кеңешмесине катышуу үчүн келген. Ушул эле күнү Элис Уэллс Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17