Аймак

ОШТО МАМЛЕКЕТТИК ТУУНУН 27 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ОШТО МАМЛЕКЕТТИК ТУУНУН 27 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,798 Бардыгы /

 

ОШ. 1-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 27 жылдыгына арналган “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаштар катышты.

Вице-мэр Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан шаардыктарды куттуктап, бул күн Кыргызстандыктар үчүн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка , ар намыстуулукка үндөп кетем. Ар дайым Кыргызстандын желеги эркиндик үчүн, тынчтык үчүн желбирей берсин”,- деди Н.Кадыров.

Иш-чаранын жүрүшүндө, маданият башкармалыгы, “Келечек” чыгармачыл борбору тарабынан даярдалган концерттик прорамма орун алды. Анда патриоттуулукка үндөгөн ырлар жаңырып, көркөм окулду. Кыргыздын жоокерлери Тууну борбордук аянтка алып чыгып, өлкөнүн эркиндигин даңазалашты.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 27 жыл толду.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17