Аймак

БАКТЫБЕК МАМАДЫЕВ:“МАРКУМДАР ДАҢКТАЛМАЙЫН, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!”

БАКТЫБЕК МАМАДЫЕВ:“МАРКУМДАР ДАҢКТАЛМАЙЫН, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!”

 2,005 Бардыгы /

 

Пендебиз да. Маркум кай жерден чыгарылып, андан ары акыркы сапарга узатылып жаткандыгын эч кимибиз таптакыр эле эстебейбиз. Бир дагы молдо жума намазда бул маселени дегеле козгобойт. Ушул жана башка олуттуу көйгөйлөр туурасында Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун директору, жогорку категориядагы сот-медэксперт, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Бактыбек МАМАДЫЕВ кабарчыбызга курган маегинде тызылдап ачыктады.

Бактыбек мырза, эмнеге эле мынчалык күйүп-бышып, кейип-кепчип олтурасыз? Балким, жаныңыз ушунчалык даражада кашайгандыгынын дагы олуттуу себеби бардыр?

–        Айланайын, Алишер! Адам баласы жаркыраган заманбап төрөтканаларда, таптаза шейшепте, эң мыкты жабдылган жайларда гана төрөлөт. Андан ары эң кооз, шарты тим эле жомоктогудай бала бакчада тарбияланат. Кийинчерээк сонун жабдылган мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында бара-бара инсан сыңары калыптанат. Кесип үйрөнүп, а түгүл мамлекетти дагы башкарат. Ушунун баарына, бардык адамзатын кошкондо, мамлекет тарабынан жалпысынан миллиардаган сомдор сарпталып жатпайбы.

–         Эң аянычтуусу эмнеде?

–         Кеп оролу ушунда жатпайбы. Пенде каза таап, акыркы сапарга узатылып жатканда, ураган, дубалдарын желе баскан, жытына адам чыдагыс, суу канализациясы Кудай ургандай начар өлүкканадан гана чыгарылат. Ал эми бизде өлүкканалар райондордун борборлорунда жана кээ бир шаарларда гана бар. Тилекке каршы, ушул жагдай соңку мезгилде көңүл сыртында гана таптакыр калып кетпедиби.

Медицинага таптакыр тиешеси жок кишилер буга деле көңүл бурушпайт турбайбы. Бирок, ошол эле учурда бул өңүттү абдан жакшы түшүнүшкөн оорукана жетекчилери өздөрүнүн бөлүмдөрүн жана палаталарын толук кандуу ремонттошуп, заманбап жабдышкандан кийин гана арткан тыйын-тыпырын душман көзүнө ушул өлүкканаларга жумшашат. Кээлери, чынында, минтишпейт дагы. Чубасак, мындай көңүл иренжиткен мисалдар бизде толтура, эй!

            Ошол эле мезгилде ар бир облуска, район-шаарларга, а түгүл ар бир айылга дейре заңгыраган мечиттер салынды. Алардын курулуштарына эсепсиз каражаттарды коротушпадыбы. Дал ошол жерлерде маркумдун арбагына багышталып курандар окулат. Тилекке каршы, өлгөн пенде акыркы сапарга кайсыл жерден узатылып бараткандыгына ошондо бири дагы маани бербейт  жана түк эстебейт. А түгүл бул туурасында эстешкиси дагы келишпейт. Бир дагы молдо жума намаз маалында бул көйгөйдү таптакыр оозанбайт. А байкуш маркум акыркы сапарга эч кандай заманбап шарты жок өлүкканадан ары бейитине узатылып жатпайбы. Буга өнүккөн өлкөлөрдө өзгөчө маани берилип, айтаарлык көңүл бурулуп, анан маркумга абдан чоң сый-урмат көрсөтүлөт.

–         А биздечи?

–         Ош шаарында – үч, Кара-Сууда – жалгыз, Ноокатта – жалгыз, Араванда – жалгыз, Гүлчөдө – жалгыз, Өзгөндө – жалгыз, Кара-Кулжада – жалгыз өлүкканабыз бар. Жалпысынан Ош жергесинде тогуз маркумдардын денесин – өлүктөрдү сактоочу жайыбыз бар. Ушуларды татынакай жана таза кармап турганга, жашырып не, каражат абдан тартыш! Анткени, бул максатта бюджеттен атайын акча каралбайт. Ош облусунда канча айыл болсо, ошончо мечит бар. Бир эле мечитке короткон акча бир өлүккана курганга беймарал жетет эле го. Чоңдорубуз ушуну неге ойлнушпайт, ыя?

–         Бактыбек мырза, деги муну менен сиз эмнени айткыңыз келип турат?

Айтылуу Барпы акын кезинде:

“Келээриңде дүнүйө,

Сууну арыкка бургандай,

Төрүңдө Жолборс тургандай;

Кетээриңде дүнүйө,

Арыктын суусу тарткандай,

Жолборсту капкан чапкандай!” – деп бекеринен зарлабаптыр. Азыр деле кудум ушул көрүнүш айныксыз кайталанып жатпайбы. Ошондуктан, бул маселени, менимче, Жалпы Элдик талкууга токтоосуз коюубуз кажет! Маркумдар даңкталмайын, тирүүлөр эч качан баркталбайт, эй! Анткени, Кыргызстанда өлүккана деле Төрөт үйүндөй жана Мечиттей Ыйык Жайга айланышы кажет!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17