Аймак

КАДЫРОВ: ТҮРМӨДӨГҮ ОРДУБУЗДУ АТАМБАЕВГЕ БОШОТУП БЕРДИК

КАДЫРОВ: ТҮРМӨДӨГҮ ОРДУБУЗДУ АТАМБАЕВГЕ БОШОТУП БЕРДИК

 1,315 Бардыгы /

Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолуп чыккан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров экс-президент Алмазбек Атамбаевди коррупциялашкан бийлик түзгөн деп айыпташты.

«Биз түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик. […] Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков болуп 2013-жылдан бери эле анын кылмыштуу топ түзүп, мамлекетти тоноп, коррупциялашкан иштерди жасап жатканын айтып келгенбиз. Бүгүнкү күндө мунун баары ырасталып жатат. Атамбаев Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, Сүйүнбаев, Исраилов менен чогуу өзү башында турган кылмыштуу топ түзүп, бүт мамлекетти коррупцияга айлантып, өлкөнү өзүнүн менчигиндей башкарды. Биз буга эми жол бербейбиз. Атамбаевдин орду түрмөдө. Аны менен кошо командасы бүт камалышы керек. Алар бүгүнкү бийликке саясий оппонент эмес, баары коррупционерлер», – деп билдирди Кубанычбек Кадыров.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров «бийликти басып алууга аракет кылган» деген айып менен 2016-жылы мартта кармалган. Алардын иши боюнча сот жараяны дээрлик эки жылга созулуп, былтыр июнда Жогорку сот Асанов менен Кадыровду 8 жылга, алар менен кошо кармалган Эрнест Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Быйыл 12-февралда Асанов менен Кадыров шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17