Аймак

ОРУСИЯЛЫК ДИПЛОМАТТАР “НОВИЧОКТОН” УУЛАНГАН АЯЛДЫН УУЛУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА НИЕТТЕНИШҮҮДӨ

ОРУСИЯЛЫК ДИПЛОМАТТАР “НОВИЧОКТОН” УУЛАНГАН АЯЛДЫН УУЛУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА НИЕТТЕНИШҮҮДӨ

 1,172 Бардыгы /

Орусиянын Улуу Британиядагы элчилиги нервди шал кылуучу заттын таасиринен улам каза тапкан Дон Стёржесстин уулу менен жолугушууга даяр экенин билдирди. “Новичоктон” орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия дагы жабыр тартышкан.

ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүк маркумдун уулу Эван Хоупко Солсберидеги окуянын жылдыгына байланыштуу “Солсбери: жоопсуз суроолор” аттуу баяндаманы жөнөтүү ниетинде.

Эймсбери шаарында нервди шал кылуучу “Новичок” затына ууланып өлгөн Дон Стёржесстин уулу Орусия президенти Владимир Путинге кат жазган. Эван Хоуп аны кылмышка шектүүлөрдүн британ тергөөчүлөрү тарабынан суралышына уруксат берүүгө үндөгөн. Анын айтымында, Путин “ бул иште бираз адамкерчилигин көрсөтсө, адилеттүүлүктү орното турган жападан жалгыз киши”.

Бирок Путин былтыр күзүндө “Боширов” менен “Петров” Скрипалдын ууланышына тиешеси жок, жай жарандар экенин билдирген. Ошол эле күнү эки шектүү RT телеканалына интервью берип, Солсбериге турист катары келишкенин, ишкерлик менен алектенишерин айтышкан. Ошондон бери алар бир дагы жолу байланышка чыгышкан эмес.

44 жаштагы Дон Стержесс 2018-жылы июлда “Новичок” затын атыр деп колдонуп алгандыгына байланыштуу мерт болгон. Британ полициясы бул зат менен ошол эле жылы март айында коңшулаш Солсбери шаарында мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууландырылган деп эсептейт. Алар узакка созулган дарылануудан кийин аман калышкан. Ууландырууга орусиялык чалгынчылар деп божомолдонуп жаткан Анатолий Чепига (Ал –Руслан Боширов) менен Александр Мишкин ( ал– Александр Петров) шектелүүдө.

4-мартта Сергей менен Юлия Скрипалдын ууландырылышына бир жыл болот.

www.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17