Аймак

АЛАЙДА ЖАҢЫ МАЛ БАЗАР АЧЫЛДЫ

АЛАЙДА ЖАҢЫ МАЛ БАЗАР АЧЫЛДЫ

 2,404 Бардыгы /

ОШ. Алай районундагы мурунку мал базар абдан оңтойсуз жерде жайланышкандыктан, жергиликтүүлөр куп гана азап чегишчү. Эми ал баарына ыңгайлуу «Кара-Алтын» уюмунун аймагына (мурдагы отун базасына) көчүрүлдү.

–         Эң башкысы базарга келгендерге бардык шарттарды жараттык, – деди аталган базардын ээси Медетбек Абдыкапаров. – Бул жерде эми радио түйүн, ашкана, намазкана бар.Базар жетекчилиги дагы өзүнчө имартта жайланышкан.Ал эми алыстан келгендергежатакана дагы курдук.Эгерде жамгыр, же кар жааса, малдарды атайын кургак жайларга дагы киргизебиз.

Алай районундагы жаңы мал базардын жалпы аянты  5,5 гектар. Анын ичинде мал сойгон жайлары дагы бар. Базарга Ощ облусунун Өзгөн, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунан бери жарандар малын сатып келишет.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17