Аймак

АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ДОНАЛЬД ЛУ БАТКЕНГЕ САПАРЛАДЫ

АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ДОНАЛЬД ЛУ БАТКЕНГЕ САПАРЛАДЫ

 1,489 Бардыгы /

БАТКЕН. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Баткен облусуна сапарлады.  Элчи 
Баткенде АКШнын элчилигинин жардамы аркасында жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор менен жеринде таанышты.

–         Баткенге сапарыбыздын жүрүшүндө облустагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишканага баш бактык. Ал жерд ежергиликтүүлөр гана жумуш орду менен камсыздалыптыр. Анан Баткен шаарындагы медресеге дагы тийип, ал жердеги жаштардын кесипкке үйрөнүп жатышы менен кең-кесири тааныштык. Бул жерде студенттер билим гана алышпастан, кесипке дагы окуп, үйрөнүшөт экен. Маселен, тигүүчүлүктү, кондитердик, компьютердик ийримдерди үйрөнүп атышат. Бул долбоор былтыр башталган, ал Кыргызстандагы 19 медреседе ийгиликтүү аткарылып жатат, – деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

                   Баса, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Баткен мамлекеттик университетинде Америка ресурстук борборун дагы ачкан. Бул долбоор облуста 2013-жылдан бери үзүрлүү иштеп жатат. Ал жерде тил окутуу ийримдери иштеп, жаштар англис тилин үзгүлтүксүз үйрөнүп келе жатышат. Негизинен КыргызстандаАмерика элчилигинин каржылоосу астында ар кандай долбоорлор дагы эле ийгиликтүү иштөөдө.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17