Аймак

КАЗАК ТИМИ: КЫТАЙДА КАРМАЛГАН КАЗАКТАРДЫН САНЫ АЗАЙДЫ

КАЗАК ТИМИ: КЫТАЙДА КАРМАЛГАН КАЗАКТАРДЫН САНЫ АЗАЙДЫ

 22,434 Бардыгы /

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Кытай бийлиги Шинжаң аймагында кармалган казактарды бошото баштаганын билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Кытайда казак жана кытай паспортторуна ээлик кылган 33 киши кармалып, алардын 20сы бошотулган. Ошол эле маалда бүгүнкү күнгө карата Казакстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Кытайда кармалган казактар боюнча 1 387 арыз келип түшкөн. «Биз ал арыздардын ар бири боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча учурда анда кармалган казактардын саны 80% азайды», — деди министр.

Шинжаң аймагында уйгур, казак, татар жана башка азчылыкты түзгөн мусулман дининдеги улуттардын өкүлдөрү кармалып, атайын түзүлгөн «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жайгаштырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар алгач 2017-жылдын ортосунда пайда боло баштаган.

Былтыр августта Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Шинжаңдагы атайын жайларда түрдүү маалыматтар боюнча миллионго жакын мусулман кармалып турганын билдирген. Пекин мындай айыптоолорду четке кагып, аталган жайлар радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүү борборлору экенин билдирип келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17