Аймак

ТРАМП ОРУСИЯГА КИРГИЗИЛГЕН САНКЦИЯЛАРДЫ ДАГЫ БИР ЖЫЛГА УЗАРТТЫ

ТРАМП ОРУСИЯГА КИРГИЗИЛГЕН САНКЦИЯЛАРДЫ ДАГЫ БИР ЖЫЛГА УЗАРТТЫ

 1,105 Бардыгы /

АКШ президенти Дональд Трамп 2014-жылы Украинадагы абалга карата Орусияга киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу Акүйдүн сайтында жарыяланды.

Кошмо Штаттар биринчи жолу Украинадагы абалга байланыштуу Орусияга карата санкцияларды 2014-жылы 6-мартта киргизген. Буга орус өкмөтүнүн Украинадагы демократиялык процесстерге жана институттарга доо кетирүү, өлкөдөгү бейкутчулукка, коопсуздукка, туруктуулукка, суверенитеттүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаратуу, анын активдерине мыйзамсыз түрдө ээлик кылуу аракеттери себеп болгон.

2014-жылы декабрда Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына байланыштуу кошумча чаралар кабыл алынган.

Трамптын билдирүүсүндө “ Бул буйрукта каралган аракеттер азыр деле Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына адаттан тышкары коркунуч жаратууда” деп айтылат. Буга байланыштуу 2014-жылы жарыяланган санкциялар 2019-жылдын 6-мартынан кийин дагы күчүндө калды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17