Аймак

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ АХАЛТЕКИН АРГЫМАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ КЕЗЕКТЕГИ КИТЕБИН ЧЫГАРДЫ

 1,520 Бардыгы /

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов кезектеги китебин жазып бүттү. Ал “Atda wepa-da bar, sapa-da” (“Атта ынактык да, куунактык да бар”) деп аталат. Китеп ахалтекин жылкыларына арналган.

“Түркмөнпортал” басылмасы билдиргендей, китепте түркмөн лидери ахалтекин күлүктөрү тууралуу маалымат берип, саяпкерликтин сыралары менен бөлүшкөн.

Жылкычылык жөнүндө бул түркмөн президентинин биринчи китеби эмес. Буга чейинки чыгармасы “Күлүктүн ылдам басыгы” деп аталат. Анын чыгармалары ар кыл тематикада жана чет тилдерге которулат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17