Аймак

МИНИСТР: КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕ КЕМЧИЛИКТЕР БАР

МИНИСТР: КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕ КЕМЧИЛИКТЕР БАР

 1,270 Бардыгы /

Окуу китептеринде айрым кемчиликтер бар. Буга байланыштуу китептер басмаканага жөнөтүлөрдөн мурун коомдук текшерүүгө алынат. Бул тууралуу журналисттерге Казакстандын билим берүү жана илим министри Куляш Шамшидинова билдирди.

«Көрүп турасыңар, белгилүү бир кемчиликтер бар. Бир нече күн мурун республикалык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Комиссия башталгыч мектептердин айрым китептерин кайра иштеп чыгууга жөнөттү», – деди Куляш Шамшидинова.

Министрдин айтымында, окуу китептер басмаканаларга жөнөтүлөрдөн мурун өткөн жылдагыдай эле коомдук окуу болот.

Министрлик орто билим берүү системасындагы окуу программасын заманга ылайык өзгөртүүгө ниеттенүүдө.

«Маселен, балдарды концептуалдык негизде окуткан фин билим берүү системасын угуп жүрөбүз. STEAM-билим берүү ыкмасы бар, башкача айтканда математика, информатика, химия, физика жана биология сыяктуу сабактардын интеграцияланышы. Ушундай ыкма менен балдардын сабагын жеңилдетүүгө мүмкүн. Предметтер бири бирин кайталабай, балдарды өнүктүрүүгө багытталышы керек», – деди министр.

Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборунун маалыматы боюнча Казакстанда былтыр 2412 китеп кабыл алуудан өтүп, 1613 окуу куралы пайдаланууга сунушталган эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17