Аймак

8-МАРТ ЭЛ АРАЛЫК АЯЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК САЛТАНАТ БОЛДУ

8-МАРТ ЭЛ АРАЛЫК АЯЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК САЛТАНАТ БОЛДУ

 5,713 Бардыгы /

6-мартта Жалал-Абадда 8-Март эл аралык аялдардын күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.

Ага мекеме ишканаларда эмгектенген айымдар катышышты. Саамалыкты Барпы драма театрдын кызматкерлери тарыхыбыздагы белгилүү айымдардын образдарын аткаруу менен баштап беришти.

Анда  Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаардын мэри Мураталы Тагаев жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, айымдарга каалоо тилектерин айтып өтүштү.

Урматтуу апалар, кымбаттуу асылзат айымдар сиздерди келе жаткан  жаз майрамы 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ушул күнү адамзаттын көркү болгон айымдарды даңктайбыз. Кыргызстан өзүнүн каарман аялдары менен сыймыктанат.Сиздердин үй-бүлөнү чыңдоого жана бала тарбиялоого, кайрымдуулукка, руханий жана адеп ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымыңыз чейсиз. Өлкөбүздө жакшы саамалыктар жаралып, ар бир үй-бүлөгө бакыт кушу коноору таласыз“-дейт Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев

Энелерибизге, айымдарыбызга, карындаштарыбызга деги эле ырлар, чыгармалар жазылып келет.  Көктөм менен жаңы кирип келе жаткан аялдардын эл аралык 8-март майрамыңыздар менен баарыңыздарды куттуктайм. Энелер баарыбызга жашоо берген өмүрдүн гүлү деп эсептеймин. Сиздердин ат көтөгүс тоодой бийик эмгегиңиздерди биз канча бааласак да аз деп ойлойм. Белгиленген бир күн менен гана сиздерге көңүл буруп, жакшы сөз айтпастан, биз сиздердин эмгегиңиздерди барктап, даңктап турууга милдеттүүбүз“-деди шаардын мэри М.Тагаев

Иш чаранын алкагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген айымдарга КРдин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жана шаардык мэрия тараптан ардак грамоталар тапшырылды.

КРдин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасынын ээси Дилбар Бекназарова алган сыйлыгы тууралуу өз сөзүндө:

Шаардык “Ариет” балдар чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп 15 жылдан бери иштеп келе жатам. Балдар менен иштешип, анын негизинде ишибизди баалап Жогорку Кеңештин, шаардык мэриянын грамотасын беришти. Рахмат айткым келет, биздин эмгегибизди баалап, ушундай сыйлыкка көрсөткөнү үчүн“-деди.

“Кыргыз тили” коому тарабынан уюштурулган “Ыйык тил” төш белгисин КРдин Кыргыз тили коомунун Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Үпөл Асаналиева кыргыз тилин өнүтүрүүдө салым кошкон айымдарга тапшырып өттү.

Аялзаты дүйнө жүзүн багынткан,

Аялзаты ак жоолукту салынткан. 

Аялзаты эне дагы, жар дагы,

Аялзаты мырзаларды сагынткан.

Апалар бар аалам бар, апалар бар кут бар. апалар бар баары бар дейт  Бүгүнкү уюшулган иш чара кудайга шүгүр абдан жакшы, аялдар үчүн эң маанилүү күн.”-деди Үпөл Асаналиева.

Ошону менен бирге эле  “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамы менен көп жылдар бою мамлекеттик иштерде иштеген Айчүрөк Исаева сыйланды. Ал өз сөзүндө мындай:

Аял кишинин түйшүгү ушунчалык көп болот экен. Бир жылда бир болуучу ушул майрамга аты чыккан, эмгеги сиңген, шаарга, областка же болбосо Кыргызстанга эмгек кылган айымдар келип олтурандыгы өзүнчө сыймык. Ошолордун катарында  мен дагы чоң сыйлык алдым, сыйлыктарды алууга менин дагы шаарга 30 жылдык эмгегим кетти, өмүрүм кетти дегендей. Аялдардын да шаарга кылган кызматы жыйынтыкталат экен. Ушундай жыйынтык чыгарган шаардын мэриясына жана шаардык депутаттарга ыраазычылык айткым келет. 30 жылдап 40 жылдап шаар үчүн, эл үчүн иштеп койсоң акыбети сөзсүз кайтат деп ойлойм “-деди

Майрамдык салтанатка жалпысынан 300 дөй аял чакырылып, катталган тизмеси боюнча шаардык мэрия тарабынан ар бирине 500 сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

аймак

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17