Аймак

ОРУСИЯДАГЫ ЗАВОДДО ЧЫККАН ӨРТТӨН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ЖАБЫРКАДЫ

ОРУСИЯДАГЫ ЗАВОДДО ЧЫККАН ӨРТТӨН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ЖАБЫРКАДЫ

 1,557 Бардыгы /

Орусиянын Гороховец шаарындагы айнек идиштерди өндүргөн заводдо чыккан өрттөн 7 киши жабыркады. Алардын экөөсү кыргыз жарандары экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Өрт 5-март күнүн кечки саат 18:15те башталган. Учурда 28 жаштагы жигит Гороховец шаарынын ооруканасына, ал эми 33 жаштагы жигит «Приволжск медициналык изилдөө университетине» жеткирилген. Дарыгерлер жабыркагандардын абалы оор экенин айтып жатышат.

Мурдараак ТАСС маалымат агенттиги жабыркаган жети кишинин баары кыргызстандыктар болгонун жазып чыккан.

Бул маселе кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17