Аймак

ТҮНДҮК КОРЕЯ РАКЕТАЛЫК ПОЛИГОНУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮДӨ

ТҮНДҮК КОРЕЯ РАКЕТАЛЫК ПОЛИГОНУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮДӨ

 1,351 Бардыгы /

Түндүк Корея жарым-жартылай бузулган Сохэ ракеталык полигонундагы объектилерди кайрадан калыбына келтире баштады. Бул тууралуу спуниктен алынган маалыматтарды анализдеп чыккан америкалык талдоочулар Жозеф Бермудес менен Виктор Ча билдирди.

Алардын айтымында, полигондогу ракета кыймылдаткычтарын сыноодон өткөрүүгө жана ракета алып жүрүүчүлөрдү чогултууга арналган курулма бир нече күндүн ичинде эле кайрадан калыбына келтирилген.

Түндүк Корея бийлиги аталган полигондогу объектилерди Трамп менен Кимдин былтыр июнда Сингапурда өткөн жолугушуусунан кийин буза баштаган. Андан бир нече ай өткөндөн кийин Пхеньян Сохэ полигонун толук жабууга даяр экенин билдирген. Эми анын калыбына келтирилип жатышы Түндүк Кореянын ракеталык сыноолорду өткөрүүгө киргизилген мораторийден баш тартуу ниетин билдириши мүмкүн. Өлкө 2017-жылдын ноябрынан бери ракеталык жана өзөктүк сыноолорду өткөрө элек.

5-мартта АКШ президенти Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Жон Болтон эгер Түндүк Корея өзөктүк программасынан баш тартпаса, анда Вашингтон Пхеньянга каршы санкциялык режимди күчөтө турганын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17