Аймак

ТҮРКМӨНСТАН ТӨЛӨӨ КУДУРЕТСИЗДИГИНЕ АЙЫПТАЛУУДА

ТҮРКМӨНСТАН ТӨЛӨӨ КУДУРЕТСИЗДИГИНЕ АЙЫПТАЛУУДА

 1,774 Бардыгы /

Түркмөнстандагы “Çakiroglu Group” компаниясында иштеген директорлор кеңешинин мүчөсү Огузхан Чакироглу түркмөн өкмөтү үч жылдан бери компаниянын иши үчүн акча төлөп бербей жатканын маалымдады.

Чакироглу түркмөн өкмөтүнүн казынасы бош экенин, көптөн бери эски долбоорор үчүн акча төлөп бербей жатканын, жаңыларын каржылоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

Еureporter басылмасынын маалыматына караганда, “Çakiroglu Group” компаниясы учурда Түркмөнстандан чыгып кетти. Түркмөнстандын Анкарадагы элчилигинен бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Былтыр июнда Reuters маалымат агенттиги Түркмөнстандагы чет өлкөлүк фирмалар нак акчанын тартыштыгынан улам жапа чегип жатышканын кабарлаган.

2018-жылы «Unionmatex» жана «Seçe inşaat» компаниялары Түркмөнстандан акчаларын кайтарып алуу үчүн Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго арыз менен кайрылышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17