Аймак

ЭАУда 8-МАРТ – АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭАУда 8-МАРТ – АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 2,316 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында 8-март – Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу  окуу жайдын Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

Салтанаттын программасынын алкагында ЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын мүчө- корреспонденти Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков университеттин эжекелерин, айым кызматкерлерин жана студент кыздарын аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, жаштарга сапаттуу жогорку кесиптик билим жана татыктуу тарбия берүү жаатында алгылыктуу кызматы менен айырмалангандарына сыйлыктарды тапшырды. Андан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору жана Жаштар иштери боюнча комитети майрамдык концерт сунушташты. Бардыгына өзгөчө ЭАУнун курама КВН командасынын тамашалары жакты. Майрамдык иш-чара окуу жайдын мыкты салттарында өткөрүлдү. Майрамыңыздар менен ЭАУнун эжекелери жана студент кыздары!

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17