Аймак

ТАЖИКСТАНДА КАРЫШКЫРЛАРДЫН КОЛ САЛУУСУНАН ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

ТАЖИКСТАНДА КАРЫШКЫРЛАРДЫН КОЛ САЛУУСУНАН ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

 1,340 Бардыгы /

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда карышкырлар 83 жаштагы кемпир менен анын 55 жаштагы кызын талап өлтүрүштү. Окуя 7-мартта эртең менен Шугнан районундагы Мденхор айылында болгон.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына караганда, карышкырлар кызы менен апасы эртең менен сыртка чыккан маалда кол салышкан.

Бул Тажикстанда жырткычтар жергиликтүү тургундарга кол салган алгачкы учур эмес. 2013-жылы февралда Рушан районунун 81 жаштагы тургуну Наботбегим Худодованы карышкырлар талап өлтүрүшкөн.

Ошол эле жылы январда жырткычтар Шугнан районунун 90 жаштагы жашоочусу Озода Саиднуруллоевага кол салган. Бирок ал тирүү калып, ооруканага жатып чыккан.

Расмий түрдө Тажикстанда карышкырларга аңчылык кылууга тыюу салынган жана тоолуу айылдардын тургундарында курал-жарак жок. Бир нече жыл мурда экологдор Ооганстандан Тажикстанга карышкырлар келе баштаганын билдиришкен. Мындан улам чек арага жакын жашаган жарандар жырткычтар мал жандыктарга кол салган учурлар көбөйгөнүнө даттанышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17