Аймак

АРАВАН РАЙОНДУК ПАСПОРТ БӨЛҮМҮ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА МУКТАЖ 

АРАВАН РАЙОНДУК ПАСПОРТ БӨЛҮМҮ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА МУКТАЖ 

 2,488 Бардыгы /

Качан баш бакпаңыз, Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт.  Кеңсенин тардыгына карабастан аталган мекеменин кызматкерлери зарыккан жарандарды ыкчам жана маданияттуу гана тейлеп жатышат.

  Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө зарыкканда кайрылгандарды жылуу-жумшак тейлегенге бул жерде дегеле мүмкүн эмес! Карасаңар, бөлмөлөрү өтө эле тар. Эгерде кардарлар абдан көп баш багышса, мына сага кезек күтмөй… Бирок, ошого карабастан аталган мекеменин кызматкерлери биздин ар бирибизге маданияттуу гана мамиле жасап келатышат. А түгүл маселелерибизди ыкчам жана оң чечип дагы жатышат, деди Араван районундагы Нурабад кыштагынын тургуну Калыскан МУРАДОВА.

 – Ушундай катаал шартта деле мыкты иштешип, элге кынтыксыз кызмат көрсөтүп жатышкандарга, албетте, алкыштан башка айтаар сөзүбүз жок! деп кепке кошулду Араван районундагы Араван кыштагынын жашоочусу Музафар МАШАРОПОВ. – Айрыкча кышындасы кардарлар эшикте суукта узакка туруп калып жатышат. Анткени, кардарлар абдан эле арбын. Анткени, паспортун жоготкондор, жаңылагандар, анан дагы аты-жөнүн өзгөрткөндөр ушул тапта абдан эле көп. Дагы кошумчалай турган жагдай: Араван райондук жарандык актылардын абалын каттоо (ЗАГС) бөлүмү башка жерде экен. Элди ушинтип ар жакка убара чектирбестен, ЗАГСты жана паспорт бөлүмүн бир эле жайга жайгаштырышса, анык соопко калышмак.

 Дал ушундай суроо-сопкуттан соң Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Нуржан МАРАЖАПОВАга дагы атайын жолугуп, анын өзүнөн соболдорубузга жооп издедик.

 – Жашыргандан не пайда. Биздин жумушчу  бөлмөлөрүбүз абдан эле тар жана ыңгайсыз. Мындайча айтканда, заманбап эмес, эй!  деп агынан жарылды Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Нуржан МАРАЖАПОВА. – Мына ошого карабастан келгендерди бүт нааразы кылбастан гана тейлеп жатабыз. Колубузда Мамлекеттик Актысы деле бар. Мобул жерге эки-үч кабаттуу заманбап имарат курулмак. Биздин мекеме жана райондук ЗАГС, ошондой эле архив бүт ошол жакка көчүрүлмөк. Тилекке каршы. каражат гана кендирди кесип, ошол имарат эмдигиче дагыле тикеленбей турат. Мына, ушундай олуттуу кыйынчылыктарга карабастан, биздин мекемедеги документтештирүү түйүнүн бүт интернетке туташтырып, баарын тең автоматташтырдык.  Эгерде жаңы конушка жайланышсак, шартыбыз азыркыдан дагы улам жакшырып, жарандарды мындан дагы ыкчам жана маданияттуу тейлөөбүз ого бетер сонун нукка салынмак.

 Баса, азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бир кезде Ош облусун дагы жетектеген. Демек, Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн ар бир көйгөйүн дагы абдан жакшы билет. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында аравандыктардын жүрөгүн өйүткөн бул маселени чукул арада жайгарууга мамлекет башчысы жакындан жардамдашат деген үмүт абдан чоң.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Араван району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17