Аймак

АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРТЫШ БОЛУП ЖАТКАН ТҮРКМӨНСТАН 80 МИЛЛИОНГО ЖАКЫН ТООК ЖУМУРТКАСЫН ЭКСПОРТТОГОН

АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРТЫШ БОЛУП ЖАТКАН ТҮРКМӨНСТАН 80 МИЛЛИОНГО ЖАКЫН ТООК ЖУМУРТКАСЫН ЭКСПОРТТОГОН

 1,340 Бардыгы /

Түркмөнстан жалпысынан 3,8 миллион долларга 79,4 миллион тоок жумурткасын экспорттогон. Бул тууралуу Trend агенттиги өлкөнүн расмий маалымат каражаттарына шилтеме кылып жазды.

Былтыр жыл бою өлкөдө азык-түлүк, анын ичинде жумуртка тартыштыгы өкүм сүргөн. Дүкөн жана базар текчелери бош болуп, азык-түлүккө кезек күткөн адамдар көбөйгөн. Ашхабад базарларында жумуртка кескин кымбаттап, баасы дароо 33 теңгеден 60-65 теңгеге жогорулаган. 2018-жылы жаздан тарта жумуртка сатууга чектөөлөр киргизилип, бир адамга 15тен ашык сатылбай калган.

Былтыр февралдын башында түркмөн өкмөтү өлкөнүн Ишкерлер жана өнөр-жайчылар биримдигинин алдында тоок фермасын ачып, ал экспорт багытында иштей турганын билдирген. Ошондой эле анда өлкө жумуртка жана тоок эти менен толук камсыз болгону айтылган.

Өткөн жылы декабрда Түркмөнстандын Соода министрлиги өлкөдө жумуртканын 2 миллион даана запасы бар экенин билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17