Аймак

ЖАҢЫӨЗӨНДҮКТӨР БИЙЛИКТЕН ЖУМУШ ТАЛАП КЫЛУУНУ УЛАНТЫШУУДА

ЖАҢЫӨЗӨНДҮКТӨР БИЙЛИКТЕН ЖУМУШ ТАЛАП КЫЛУУНУ УЛАНТЫШУУДА

 1,167 Бардыгы /

11-мартта Жаңыөзөндө жумушсуз жүргөн шаар тургундары акимчилик алдында митинг өткөрүштү. Нааразылык акциясына алтымышка чукул киши келди. Алар шаар акими Адилбек Дауылбаев менен жолугушууну талап кылышты. Бирок жергиликтүү чиновниктер акимдин жок экенин айтып, имаратка киргизген жок.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери менен сүйлөшкөн жаңыөзөндүктөр өз кесиптери боюнча мунай тармагында кызматка орношууну талап кылып жатышканын, бирок 350 жумушчуга ылайыкташкан жаңы ишкана “орун толуп калды” деген жүйө менен артка кайтарганын билдиришти.

Жаңыөзөндүктөр 150-200 миң теңге (400 доллардын тегереги) айлык акысы бар жумуш таап берүү талабы менен февралдын башынан бери нааразылык акцияларына чыгышууда. Расмий маалыматтарга караганда, шаарда 130 миңдей киши жашайт.

2011-жылдын 16-декабрында Жаңыөзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17