Аймак

АКШ КОНГРЕССИНИН ӨКҮЛДӨР ПАЛАТАСЫ КРЕМЛЬ МЕНЕН ПУТИНГЕ КАРШЫ МЫЙЗАМДАРДЫ ЖАКТЫРДЫ

АКШ КОНГРЕССИНИН ӨКҮЛДӨР ПАЛАТАСЫ КРЕМЛЬ МЕНЕН ПУТИНГЕ КАРШЫ МЫЙЗАМДАРДЫ ЖАКТЫРДЫ

 1,060 Бардыгы /

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Кремлдин агрессивдүү саясатына каршы турууга багытталган жана Орусия президенти Владимир Путиндин ишмердүүлүгүнө байланышкан коррупциялык иштерди иликтөөнү талап кылган мыйзам долбоорлордун топтомун жактырды.

KREMLIN Act деп аталган мыйзам долбоору Орусиянын кийлигишүүсүн болушунча азайтуу жана орусиялык чалгын түйүндөрүн чектөөгө багытталган. Документ АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутстан 90 күндүн ичинде «Орусиянын саясий жетекчилигинин ниети» жана Москва тараптан АКШ менен НАТОго келе турган ыктымал коркунучтар тууралуу баяндама даярдоону талап кылат.

​Кечээ кабыл алынган дагы бир мыйзам долбоору америкалык чалгындан Орусия президентинин кирешелери менен мүлктөрү тууралуу маалыматтарды талап кылат. Документтин авторлорунун бири, Республика партиясынын өкүлү Элис Стефаник Владимир Путин менен анын коррупциялашкан союздаштары дүйнөдөгү демократияны алсыздандырууга жана саясий көзөмөлдү этикага туура келбеген ыкмалар менен бекемдөөгө аракет кылып жатканын билдирди. Стефаник алар жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт. Документке ылайык, мыйзам күчүнө киргенден кийинки 180 күндүн ичинде АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы мамлекеттик катчы жана финансы министри менен биргеликте орус президентинин жеке байлыгы тууралуу баяндама даярдап берүүгө милдеттүү болушат.

Мурдараак Кремль бул мыйзам долбоорун «русофобдук демилге» деп атап, аны көңүлгө албоого чакырган.

2017-жылы июлда Hermitage Capital фондунун жетекчиси Уильям Браудер АКШ Сенатынын комитетиндеги угууларда Орусия президенти Владимир Путинди дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептей турганын айткан. Орусияда каржы кылмыштарына айыпталып жаткан Браудер анда Путиндин байлыгын 200 миллиард доллар деп баалаган.

Былтыр январда АКШнын Финансы министрлиги санкция киргизилиши мүмкүн болгон Владимир Путинге жакын адамдардын тизмесин жарыялаган. 210 кишиден турган ал тизмеде орус өкмөтүнүн бардык мүчөлөрү, Путиндин администрациясынын кызматкерлери, мамлекеттик корпорациялардын башчылары, укук коргоо мекемелеринин жетекчилери жана олигархтар болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17