Аймак

ИНТЕРПОЛ ХАШОГГИНИН ӨЛҮМҮНӨ КАТЫШЫ БАРЛАРГА 20 ОРДЕР БЕРДИ

ИНТЕРПОЛ ХАШОГГИНИН ӨЛҮМҮНӨ КАТЫШЫ БАРЛАРГА 20 ОРДЕР БЕРДИ

 1,071 Бардыгы /

 

Интерпол журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө катышы бар деп айыпталган Сауд Арабия жарандарын кармоого 20 ордер берди.

Бул тууралуу Daily Sabah басылмасы Түркиянын Юстиция министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. Ордер Анкаранын суроосу менен жазылган.

Саудиялык журналист Жамал Хашогги The Washington Post гезити менен кызматташып келген жана Эр-Рияддын саясатын сыдаган. Журналистти былтыр 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүп кетишкен. Анын сөөгү азыркыга чейин табыла элек.

Сауд Арабия Хашоггинин өлүмүнө шектүү 21 кишинин кармалганын жарыялаган, бирок бийлик өзү кол салууга катышы бар экенин четке каккан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17