Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ИНДИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ИНДИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

 2,234 Бардыгы /

                   ДЕЛИ. Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Индиянын Президенти Рам Натх Ковиндге Ишеним грамотасын тапшырды.

Азем маалында Рам Натх Ковинд мамилелер тарыхый жана цивилизациялык байланыштардын негизинде туруктуу өнүгүп бараткандыгын жана бирдиктүү демократиялык баалуулуктар менен бекемделгендигин  дагы баса белгиледи. Андан ары Кыргызстан менен Индиянын мамилелерин жогору баалады. Индия Кыргыз Республикасы менен мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу маани берээрин жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан аркы  кызматташууну кеңейтүүгө жана саясий өз ара ишенимди тереңдетүүгө даяр экендигин дагы жашырган жок.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо жолдоп, Кыргыз тарап стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде гана Индия менен достук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин кошумчалады. Ошондой эле демократиялык баалуулуктар Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук үчүн бекем негиз болуп саналаарын дагы баса белгиледи. Кыргыз Элчиси Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы тыгыз мамилелерди өнүктүрүү үчүн биз маалыматтык технологиялар, гидроэнергетика, билим берүү жана айыл чарба жааттарында ар кандай долбоорлорду биршелешип жүзөгө ашырууга даяр экендигин дагы билдирди.

Аземдин аягында Индиянын Президенти Индиянын саясий жетекчилиги Кыргызстандын Элчисинин ишине колдоо көрсөтөт  деп бекем ишендирди жана анын ишмердиги эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого жигердүүө салым кошот деген ниетин дагы билдирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17