Аймак

КЫРГЫЗСТАН, ӨЗБЕКСТАН,ТАЖИКСТАН ЖАШТАРЫ: “КЕЛЕЧЕКТИ ТЕРРОРИЗМСИЗ КУРАБЫЗ!”

КЫРГЫЗСТАН, ӨЗБЕКСТАН,ТАЖИКСТАН ЖАШТАРЫ: “КЕЛЕЧЕКТИ ТЕРРОРИЗМСИЗ КУРАБЫЗ!”

 2,215 Бардыгы /

        ФЕРГАНА. Өзбек Республикасынын Фергана шаарында, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан республикаларынын жаштарынын башын бириктирген “Келечекти терроризмсиз курабыз” аталышындагы фестиваль өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргызстандын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун жаштары дагы катышты. Баткен облусунан 30 адамдан турган делегацияны Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жетектеп барды.

         Баткенден барган делегацияны, кошуна мамлекеттин чек арасынан Фергана облусунун жетекчилигинин өкүлдөрү жогорку даражада тосуп алышты. Фестивалдын салтанаттуу ачылышында  жалпы катышуучуларды Фергана облусунун хокими Шухрат Ганиев куттуктап, фестивалдын ишине аблан ийгиликтерди  каалады. Андан соң сүйлөгөн коңшулаш үч өлкөнүн жаштары,  учурдун орчундуу көйгөйү, экстримизм, терроризм менен күрөшүүдө, кошуна мамлекеттердин жаштарынын биримдиги зор күчкө эгедер экендигин баса белгилешип, дүйнө коомчулугунун үшүн алган бул коркунучарды жоюуда мындай иш чаралар сөзсүз  натыйжасын берет деген ишеничтерин билдиришти.

         Ал эми Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова өз сөзүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздугу, тынчтыгы, элинин бейпил турмушу, жаштардын жаркын келечегине багытталган бул фестиваль,  кошуна мамлекеттердин жаштарынын  ынтымагы жана достугун бекемдөөгө зор салымын кошоорун баса белгилеп, өзгөчө мааниге ээ болгон чоң иш чараны уюштуран Фергана облусунун жетекчилигине ыраазычылыгын гана билдирди.

         Фестивалдын жүрүшүндө Фергана шаарынын борбордук стадионунда чо гала концерт өтүп, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын эстрада жылдыздары катышып, 20 миңден ашуун көрүүчү чогулду. Баткен облусунан барган делегациянын курамында мамлекеттик кызматкерлер, маданият кызматкерлери, спортчулар, мугалимдер, кол өнөрчүлөр болушту.

         Маданият кызматкерлери Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалап, комузда кол ойнотуп, манас айтышса, спортчулар, футбол жана волейболдо мыкты оюн көрсөтүштү. Ал эми кол өнөрчүлөр өз эмгектерин конокторго тартуулашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17