Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА КЕЗЕКТЕГИ СҮЙЛӨШҮҮ АЯКТАДЫ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА КЕЗЕКТЕГИ СҮЙЛӨШҮҮ АЯКТАДЫ

 1,958 Бардыгы /

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азаттыкка» билдирди.

Ал Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен бүгүн өткөн жолугушууда алгач элди тынчтандырып алып, андан кийин гана жол, чек ара маселелерин талкуулоо зарыл экени белгиленгенин айтты.

Разаков менен Иброхимдин сүйлөшүүлөрү бүгүн да уланат. Кездешүү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде өтүп жатат.

Өкмөт кабарлагандай, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобус менен Баткен шаарына жеткирилди. Тургундар №57 кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Аларга Баткен районунда жана Баткен шаарында жашагандар да үйлөрүнөн баш паанек беришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.

«Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, жаңжал чыккан аймакта азыр абал тынч, топтолгон эл жок, жабылган жолдор ачыла элек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17