Аймак

АК-САЙДАГЫ ЖАҢЖАЛДЫН КЕСЕПЕТИНЕН БИР КИШИ КАЗА ТААП, ЖЫЙЫРМАДАН АШЫГЫ ЖАРАЛАНДЫ

АК-САЙДАГЫ ЖАҢЖАЛДЫН КЕСЕПЕТИНЕН БИР КИШИ КАЗА ТААП, ЖЫЙЫРМАДАН АШЫГЫ ЖАРАЛАНДЫ

 3,606 Бардыгы /

БАТКЕН. Ушул жылдын 13-мартындагы Кыргыз-Тажик чекарасындагы чоң жаңжалдын кесепетинен Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылынын тургуну катуу жараланып, дароо ооруканага жеткирилди. Ал эми Тажик тарап дагы “Уруш маалында бир кишибиз каза таап, жыйырмадан ашык жараныбыз жараланды” деген маалымат таратты.

Коңшу өлкө расмий түрдө тараткан маалыматка караганда, мерт тапкан 43 жаштагы Хусейн Хакимов Тажикстандын Исфара районунда мугалим болуп иштечү. Анын Кыргыз тараптан атылган октун кесепетинен жеринде эле жан бергендиги  айтылууда. «Ок Хусейн Хакимовдун дал төшүнө тийген. Ал канды көп жоготкондуктан улам, акыры каза тапты”, — деп жазды «Азаттык» үналгысынын Тажик кызматы аты-жөнүн атабаган өз булагына таянып.

Айтмакчы, эки өлкөнүн жарандарынын тирешүүсү Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга дейре Ворух анклавын айланып өтчү Баткен облусунун Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун сөзсүз түрдө токтотууну талап кылгандан кийин гана курчуган. Анткени, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Ош-Исфана жолунун Жеке-Өрүктү бөлүгүн биротоло жаап ташташкан. Ошондуктан, аймакта иштеп жаткан жалгыз трактор чек арадан эки чакырым алыстыкта Кыргызстандын аймагында жүргөн. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаңжалдашып жаткан тараптарды тынчытуу максатында эки өлкөнүн тең чек арачылары эскертүү иретинде асманды карай ок атышкандыгын дагы ырастады.

– Чек арачылардын Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалды ырбастпастан жөнгө салуу далбасасына карабастан, эки өлкөнүн тең чектеш аймактарында жашап жатышкан тургундар  бири-бирине өтө агрессивдүү мамиле жасашып, мунун айынан Тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн каратып туруп өрттөп жиберишкен, — дейт Кыргызстандын Чек ара кызматынын аты-жөнүн атоодон тайсалдаган өкүлү. – Ошентип, жаңжал маалында Кыргызстанга караштуу Таш-Тумшук тилкесиндгир бир үй, Аudi үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчү топту ал жактарга Тажикстандын жарандары таптакыр өткөрбөй коюшкан. Мындан тышкары Тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы дагы бир сарайды өрттөп салышкан. Андан Кыргызстандын бир жараны жараланып, Баткендин Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Айтмакчы, 2008-жылы Кыргыз-Тажик Өкмөтүнүн өкүлдөрү ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу максатында Ворух тажик анклавын аралап өткөн жолдон таптакыр баш тартып, айланма жол курууга өз ара макулдашышкан. Тилекке каршы, Тажик тарап кийин позициясын ыкчам  өзгөртүп, муну үчүн Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен туташтырган коридор берүүнү дагы катуу талап кылган. Кыргыз Өкмөтү бул талапты таптакыр четке кагып, «Айланма жол курула турган аймак Кыргызстанга гана караштуу» деген таризде аталган Ак-Сай-Тамдык жолун курууну баштап, бирок, анын курулушу бир нече ирет токтотулуп, а түгүл үзгүлтүккө дагы учураган.

Бул арада Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Чек ара башкармалыгы Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча өзүнүн расмий билдирүүсүн таратты. Анда айтылгандай,13-мартта Кыргызстан Исфара шаарынын Ворух жамаатынын аймагында Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолун кура баштаганы жазылган. Кыргыз тараптын бул аракетине чек арага жакын жашаган Тажик жарандары нааразычылыгын гана билдиришкен. Бирок, жооп иретинде Кыргыздар тараптан кадимкидей ок атылган. Кыргызстандын укук коргоо органдары Исфара-Ворух унаа жолун жаап, ал аркылуу Тажик жарандарынын автоунааларын таптакыр өткөрбөй коюшкан. Буга улай Кыргыз чек арачылары «Ак-Сай» чек ара бекетинде «Газель» менен бараткан 30 тажик жаранын дагы барымтага алышкан. Ворух жамаатына Баткен облусунун Ак-Сай айылынын төрага орун басары Эркина Жалчиева 50-60 Кыргыз жараны менен келип, Ворухтун жашоочуларына кадимкидей таш жаадырган. Мунун кесепетинен он бир Тажик жараны түрдүү даражада жараланып, ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары анда Тажикстандын Чоркух айылы тараптан Кыргыз жарандары аңчылык курал менен ок атып, андан Тажикстандын 43 жаштагы тургуну көкүрөк тушуна ок жеп, ооруканада каза тапты. Ошондой эле Кыргыз жарандары Чоркух жамаатынын аймагындагы кампаны жана тегирменди дагы өрттөп жиберишти. Тажикстандын Чек ара кызматы баса белгилегендей, бул жаңжалдын ырбашына Кыргызстандын Ак-Сай айылдык Кеңешинин төрайымы Роза Усарованын Кожо-Ало айылы менен чектеш аймакты басып алуу аракети түрткү болгон.

Мындан ташкары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө таянсак,“Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык” жолунун курулушу Өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди орой түрдө бузуу менен башталган. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын атын атабаган мурдагы мүчөсү Тажикстан чыр чыккан жерди өз аймагы деп тааный тургандыгын кошумчалады:

  1924-1927-жылдардагы Эл аралык мааниде таанылган документке ылайык, Кыргыз тарап азыр жол салып жаткан жер дагыле Тажикстандын аймагы деп саналат, – деди Тажик аткаминери.

Кыргыз бийлиги чыр-чатакка кабылган Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынан аялдарды жана балдарды Баткен шаарына убактылуу көчүрүп  жатат. Акыркы сааттарда төрт жүз чакты адам кичи автобустарга салынып, коопсуз жайларга жеткирилди. Бардыгы аталган калаадагы №57-лицейге жана №3-мектепке жайгаштырылды. Буларды бүт керектүү нерселер жана азык-түлүктөр менен Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Эл аралык Уюмдардын өкүлдөрү үзгүлтүксүз камсыздап жатышат.

Ал эми Баткен облусунун биргездеги губернатору, ушул тапта Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Жеңиш Разаков аталган аймакты кыдырып жүрүп Кыргыз-Тажик чек  арасындагы кырдаалды улам-улам курчутуп жаткан чагымчыл күчтөр бар экендигин шардана кылды.

 –  Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды улам-улам ырбаткан чагымчыл күчтөр дагыле бар! Ошондуктан, тынч жаткан акыбалды козуткан андай адамдарга жергиликтүү тургундар таптакыр азгырылбашы жана алданбашы кажет! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Жеңиш Разаков.

Неткен күндө дагы, ушул тапта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жол дагыле ачыла элек. Бул жөнүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдыкарим Алымбаев кабарчыбызга маалымдады:

– Учурда кырдаал бир аз жакшырып баратат. Бирок Кыргызстан тараптан дагы, Тажикстан тараптан дагыле жол жабык бойдон турат. Эки тараптын жарандары ушул тапта өз айылдарында эле кадимкидей жансактап жатышат. Учурда Баткенде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы, ички иштер министрлигинин атайын тобу катуу иштеп жатышат.

Ушул тапта Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте гана иштеп жатат. Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бул күндөрдө өзү аймакты такай көзөмөлдөп жүрөт. Ал эми Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргыз-Тажик чекарасындагы кырдаалды абдан катуу талкуулашты. Эки өлкөнүн Президенти бул чыр-чатакты калыс иликтөө максатында биргелешкен комиссиясы түзүү зарылдыгын дагы макулдашты. Ошондой эле мамлекеттик чек араларды делимитациялаган сүйлөшүүлөрдү мындан ары активдештирүүнү акылдашышты.

 МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз-Тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымга созулат. Бирок, булардын 504 чакырымы эмдигиче демаркация жана делимитация болуп бүтө элек.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Баткен облусу

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17