Аймак

НОДИР ХОСИЛОВ: “САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖЕМКОРЛУККА ЧЕКИТ  КОЙДУ”

НОДИР ХОСИЛОВ: “САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖЕМКОРЛУККА ЧЕКИТ  КОЙДУ”

 2,256 Бардыгы /

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө элге кызмат көрсөтүүнүн бардык түрү заман талабына жараша дээрлик бүтүндөй санариптештирилди. Ошондуктан, айыл өкмөтүнүн кеңсесинде адаттагыдай узун кезек талашып, котологон кишилерди таптакыр эле көрбөйсүз. Муну аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу 31 жаштагы Нодир ХОСИЛОВ дагы аргасыздан моюндады.

– Нодир мырза, Ош Эл аралык аэропорту Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайланышкан. Андыктан, бюджет жагынан Сиздерде анчалык деле көйгөй жоктур?

 – Ырас, стратегиялык маанидеги Ош Эл аралык Аэропорту биздин айыл өкмөтүбүздүн аймагында гана жайгашкан. Демек, ижара акысы, ошондой эле салыктын бардык түрлөрү биздин казынага гана милдеттүү түрдө төгүлүшү кажет! 2013-жана 2014-жылдарда дал ошондой кылышты. Жыл сайын бизге тогуз миллион сом төлөп турушту. Анан кийин эле орто жолдон акылдуулар жана шылуундар табылып, биздин энчибизди Ош шаарынын карамагына акыры тартып алышты.

– Анан бул боюнча анан эч жакка дагы даттанбадыңыздарбы?

– Кыргыздар айтмакчы, “Энеңди казы зордосо, кимге даттанасың? ” Кыргызстанда эч ким биздин даттануубузду тыңшачудай           таптакыр түрү жок!

– Анан эми бюджетти  дегеле эмненин эсебинен толтуруп жатасыздар?

– Ошентсе дагы ай сайын жер салыгынан жана ыктыярдуу патенттин эсебинен эки миллион сом дагыле таап жатабыз. Мындан башка дагы туруктуу булагыбыз жок, эй!

  Тээ Союз маалында Нариман айыл өкмөтү пахтанын Мекени эмес беле. Азыр эмнеге “ак алтын” экпей калдыңыздар, ыя?

– Ооба. Советтер Союзунун тушундажыл сайын 1200 тонна гектерге пахта эгип, анын баарын толук түрдө жыйначубуз. Элибиз дагы ошентип жан багышчу. Таптакыр үлгүрбөй баратканда түшүмүбүздү Оштогу ЖОЖдордун студенттери тергенге көмөктөшчү.

 А азыр пахта аянттарынын бардыгы дээрлик менчиктештирилип кеткен. Пахта эккендер деле саналуу гана. Ошол себептүү көпчүлүгү беде, жүгөрү жана буудай эккенге гана биротоло ыкташты. Анткени, чыгым аз, а пайдасы абдан көп!

– А санариптештирүү жараянында кыйналбай-этпей эле турасыздарбы?

– Албетте! Тургундарыбыз абалкыдай айыл өкмөттөрүнүн эшигин  таптакыр сагалашпайт. Узун кезекке дагы турушпайт. Анткени, аларга такай кызмат көрсөтүү бүт дээрлик электрондоштурулган. Демек,  үйүндө жатып эле ар кандай маалыматтарды жана документтерди сураштырып, анан бүтүрүп алса болот. Ошентип, санариптештирүү жараяны ар кандай жемкорлукка биротоло чекит гана койду.

– Айтмакчы, айыл өкмөттөрүнүн Айылдык Кеңештин депататтары тарабынан шайланышына деги кошуласызбы?

– Жок! Менимче, айыл өкмөттөрүн жергиликтүү тургундар өздөрү гана шайлашса, мындан, албетте, утаар элек. Биринчиден, сурак абдан катуу болмок. Экинчиден,жоопкерчилиги анык күчөмөк. үчүнчүдөн, калкты кокту-колотко, уруу-урууга бөлүштүрүү дээрлик тыйылмак!

– Нодир мырза, Сиз өзүңүз ушул тапта Кыргызстанга башкаруунун кайсыл түрү (президенттик, парламенттик, аралаш) ылайык деп эсептейсиз?

 –  Аралаш башкаруу акыры-соң өзүнүн үзүрлүү жемишин берет деп мен абдан терең ишенем! Анткени, Президент менен Жогорку Кеңеш  ийиндеше иштешип, ошол эле убакта бири экинчисин тыкыр көзөмөлдөп дагы турушат. Бийликтин бир кишинин, же бир топтун колуна топтолушу мамлекетти акыры жүрүп бүлүндүрөт. Муну 2006-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель ыңкылаптарында деле көрбөдүкпү.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

 Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтү өткөн кылымда, тактап айтканда, 1938-жылы уюшулган. Андагы он алты айылда 47531 калк жашайт. Климаттык шарты пахта, дан жана тоют өндүрүүгө гана абдан ыңгайлашкан.

 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17