Аймак

АСТАНАДА ЖАРЫЛУУДАН УРАГАН ИМАРАТТЫН АЛДЫНАН БИР АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

АСТАНАДА ЖАРЫЛУУДАН УРАГАН ИМАРАТТЫН АЛДЫНАН БИР АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

 1,305 Бардыгы /

Астанада жарылуудан улам урап түшкөн «Молпродуктсервис» ишканасынын имаратынын алдынан бир аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахметов билдирди.

Анын айтымында, куткаруу кызматкерлери маркумдун сөөгүн 16-мартта жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат бирден кийин табышкан.

Урандынын астында калган аял ишканада бухалтер болуп иштеген.

15-мартта Астанада жайгашкан ишканада газ баллон жарылган. Анын кесепетинен үч киши жабыркаган, алар ар кыл даражадагы күйүк жана жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Кырсык болгон жерге Астана акими Бахыт Султанов, өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы Владимир Беккер келген. Куткаруу иштерине өздүк курамдан 22 киши жана алты өрт өчүрүү унаасы тартылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17