Аймак

АРДАКТУУ КОНСУЛДАРДЫН КЕҢЕШМЕСИ АЯКТАДЫ

АРДАКТУУ КОНСУЛДАРДЫН КЕҢЕШМЕСИ АЯКТАДЫ

 1,644 Бардыгы /

         БИШКЕК. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги Ардактуу Консулдарынын 5-Кеңешмеси аяктады.

         Өз сөзүндө министр Чыңгыз Айдарбеков Ардактуу консулдардын чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан маанилүү салымын баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү  жарандарынын  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Ардактуу консулдардын ишинин маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи. Министр өлкөнүн  тышкы саясатынын бекитилген жаңы Концепциясына катуу көңүл бурду. Бул  документте Улуттук кызыкчылыктар менен приоритеттер таасын аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев Ардактуу консулдардын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарына көрсөтүп жаткан жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди жана Комитет Ардактуу консулдардын ишмердүүлүгүн туруктуу колдой тургандыгын дагы жашырган жок.

Аталган иш-чаранын алкагында чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, экспорттук рынокторду кеңейтүү, туризмди илгерилетүү «Экономикалык дипломатияны» жандандырууга көмөк көрсөтүү боюнча үч панелдик сессия дагы өткөрүлдү. Кеңешменин жүүрүшүндө Кыргыз Өкмөтүнүнү мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдарына Ардак Грамоталарды, ыраазычылык каттарды жана консулдук патент тапшырды. Кеңешменин жыйынтыгында аккредитацияланган өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдар тарабынан 2019-жылдын аягына чейин ишке ашырылуучу Сунуштамалар дагы иштелип чыкты. Мындан ташкары Ардактуу консулдардын Кыргызстандын келечектүү инвестициялык жана туристтик обьекттерине тематикалык сапарлары дагы пландалды. 

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения, Грузия, Түркия, АКШ, ФРГ, Финляндия, Жапония, Корея Республикасы, Таиланддагы Ардактуу консулдары катышты. Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  Ардактуу консулдардын Кеңешмесин эки жылда бир жолу өткөрөт. Мунун максаты аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулоо жана кийинки мезгилге милдеттерди аныктоо болуп саналат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17