Аймак

ИШКЕРЛЕР ИШТИ ИЛГЕРИЛЕТЕТ

ИШКЕРЛЕР ИШТИ ИЛГЕРИЛЕТЕТ

 1,975 Бардыгы /

Ала-Бука районунда «Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет-келечектин кадамы» аталы шындагы коференция болуп өттү.

Коференцияныны алдында ишкерлер өндүрүп чыгарып жаткан продукциялардын көргөзмөсү болду. Аталган коференциянын ишине банкирлер, Россия-Кыргыз стан өнүгүү банкынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер келишти.

Андан тышкары Чаткал районундагы «Бийсынай» кол өнөрчүлүк ишкана сынын өкүлү өз продукциялары менен келип катышып, жаш иштер лерге тажрыйбасын айтып, биргелешип иштөөгө чакырды.

Ала-Бука районундагы «Эко-шире» кооперативи өз продук циясын экспортко чыгарып Россияга сатып жатат. Бул жаңы ачылган кооперативдин жамаатынын чон ийгилиги. Быйылкы жылда да алма, шабдалы, гиластардан шире алууну арттыруу максатында бак чарбасына өзгөчө көнүл буруп 3 гектар аянтка бак өстүрүшүүдө.

Райондун кол өнөрчүлөрүнүн, чеберлер менен усталарынын ийгиликтери да жаман эмес, атап айтканда жеке ишкер Турдукан Райымбекованын колунан жасалган сувинерлер Бириккен Араб Эмиратына алынып кетилгендиги кубанарлык көрүнүш. Ал эми Көк-Таш айылындагы чеберлер жүндү иштетип, шырдак, кийиздерди жасап чыгарып жатышат.

Конференцияда көп тармактан ишкерлер чыгып сүйлөшүп, жаратып жаткан ийгиликтери, жаралып жаткан проблемалар тууралуу айтышып, районду өнүктүрүүгө кандай салым кошо тургандыктарын жана кандай өнүктүрүү керектиги боюнча сунуштарын билдиришти. Бул болсо биздин ишкерлердин багы тын аныктады дейт мындагылар.

Ала-Бука району быйылкы жылда «Бир район-бир продук» демилгесин көтөрүп чыгып кара өрүктү өстүрүүнү көбөйтүү менен аны экспортко чыгарууну колго алууда. Индия мамлекетинен, Россиядан жана Бириккен Араб эмиарттарынан суроо талаптар келип түшүп жаткандыгы да конференцияда белгиленди. Демек ишкерлердин ишин илгерилетүү- өнүгүүгө алган багыттын ачкычы.

Абдымомун Калбаев, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17