Аймак

БАТКЕНДЕ КӨЧҮРҮЛГӨН КАЛК БИЙЛИКТИН ТАКАЙ КАМКОРДУГУНДА

БАТКЕНДЕ КӨЧҮРҮЛГӨН КАЛК БИЙЛИКТИН ТАКАЙ КАМКОРДУГУНДА

 2,393 Бардыгы /

         БАТКЕН.   Чек арада курчуган кырдаалга байланыштуу Баткен районунун Ак-Сай айылынын  тургундары Баткен шаарындагы тогуз жайга көчүрүлүп, анан жайгаштырылды.

            Ушул тапта Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жетектеген жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясы жеринде күнү-түнү иштеп жаткан чагы. Көчүрөлгөн жарандар  аталган калаадагы №57-кесиптик лицейинде, окуу жайлардын жатаканаларында, Алтын-Ордо жана Ак-Сарай жеке менчик мейманканаларында, ошондой эле ыктыярдуу түрдө жарандарды кабыл алган Бүшарипа Кадыралиеванын көп кабаттуу үйлөрүнө жайгашты.

            Чыр-чатакка кабылгандардын саны жалпысынан 764 адамды түзөт. Булардын 316сы тогуз жайга жайгаштырылды. Мунун 199у жаш балдар, 130у окуучулар. Калган 448  жарандар туугандарынын үйүндө жансактап жатышат.  Ар бир жайда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо кызматынын, ички иштер кызматынын, өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлери кадимкидей нөөмөткө туруп туруп жатышат.

            Баса, убактылуу көчүрүлгөн аксайлыктарга Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облустук өкүлчүлүгү тарабынан уюштуруу иштери колго алынып,  тамак-аш, кийим-кече, алгачкы керектелүүчү гигиеналык каражаттары менен толук бойдон камсыздалды.

            Ал эми Чек арадагы окуя эки тараптуу жана тыкыр иликтенип жатат.

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17