Аймак

КАЗАКСТАНДЫКТАР ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЖЕР АЛМАШУУГА КАРШЫ БОЛУП ЖАТЫШАТ

КАЗАКСТАНДЫКТАР ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЖЕР АЛМАШУУГА КАРШЫ БОЛУП ЖАТЫШАТ

 2,186 Бардыгы /

Казакстандын Түркстан облусундагы Когалы айылынын тургундары жайыт жердин Өзбекстанга берилгенине нааразы болуп жатышат. Жергиликтүү бийлик Казакстан ал аймактын ордуна Өзбекстандан башка жер алганын билдирүүдө.

Айыл тургундарынын айтымында, 2004-2007-жылдары эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маалында байыртан бери казактар пайдаланып келген миңден ашык гектар жер Өзбекстанга берилген.

– Анда биз буга түшүнүү менен мамиле кылганбыз. Өзбекстан чек ара сызыктарын 2007-жылы, Казакстан 2010-жылы түшүргөн. Бирок акыркы күндөрү биз эки өлкө ортосундагы нейтралдуу аймакка Өзбекстан жол кура баштаганын байкадык. Казакстан чек ара мамыларын 80 метрге чейин артка жылдырууда – деп билдирди айыл тургундарынын бири.

Жетысай районунун акиминин кеңешчиси Айдар Сейдазым калк арасында нааразы болгондор бар экенин айтып, бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолуккандан кийин “баары ордуна келгенин” билдирди. Анын айтымында, чек ара сызыктарын чынында эле Казакстан тарапты көздөй бир аз жылган.

“Бул мамлекеттердин ортосундагы макулдашуу. Тактап айтсам, биз жерлерди алмашканбыз. Казакстан Шардарыдан Жетисайга түз жол куруу үчүн Өзбекстандан 40 гектар жер алып, анын ордуна Когалы аймагынан ошончо жер берилген”, – деди ал.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17