Аймак

КСДП ОППОЗИЦИЯГА ӨТКӨНҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

КСДП ОППОЗИЦИЯГА ӨТКӨНҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

 912 Бардыгы /

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди:

«КСДП – эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барабыз».

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде «Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын» айтып, элден кечирим сурады.

КСДП – 2010-жылдан бери бийликте турган, өз катарынан эки президент чыгарган ири партия. Ал 1994-жылы түзүлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп былтыр март айында кайра шайланган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17