Аймак

КОЧКОР-АТАДАГЫ РЕЙДЕРЛИК

КОЧКОР-АТАДАГЫ РЕЙДЕРЛИК

 1,800 Бардыгы /

Бирөөнүн араң түптөгөн мүлкүн ар кандай жолдор менен тартып алуу бизде кыйын эмес, бирок аны кайра кайтарып алуу аябагандай кыйын. Себеби бизде нормалдуу, мыйзамдуу иштеген укук коргоо органдары, соттор жок. Бардык президенттер соттордун туура эмес иштегенин айтып келишкен, азыркы президентибиз Сооробай Жээнбеков да айтып жатат, бирок өзгөрүү байкала элек. Бул Кочкор-Ата шаарындагы базардын мисалынан даана көрүнөт.

Күрөөгө коюлган базар

Тээ 2009-жылы Кыргызстанда экономика кыйла оңолуп калган маал эле. Ошондо Сузак районундагы Дөмөр айылынын тургуну Махамадтажи Салимов “Азия Универсал Банк” (АУБ) менен келишим түзүп, 3 жылдык мөөнөткө жылдык үстөгү 24 пайыздан 4 миллион сом насыя алган. Күрөөгө Кочкор-Ата шаарындагы “Касым-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомун (базарды) жана ошол шаардын Фрунзе көчөсүндөгү 3 батирлүү үйүн койгон. Келишимге М. Салимов жеке киши катары кол койгон.

Бирок, АУБ акчаны М. Салимовго бербей, ал иштетип жүргөн “Касым-Ата” базарынын эсебине которгон. Буга ал маани деле берген эмес, бирок кийинчерээк балээнин баары ошондон келип чыкты.

Алынган насыяга М. Салимов пахтаны кайра иштетүүчү завод ачат, бирок ал заводдун да жолу болбоду. Анткени, 2010-жылы улуттар аралык конфликттер келип чыгып, белгисиз кишилер заводду талап-тоноп кетишкен. Иши токтоп калган завод киреше берген эмес, бирок насыяны төлөш керек эле.

Банктын мыйзамсыз келишими

Ошентип, М. Салимов насыяны төлөй албай калды, мындай учурда банк насыяны келишим аркылуу башка тараптан өндүрүп алууга укуктуу. Эске сала кетсек, АУБ 2010-жылдан кийин куугунтукталып, “Залкар банк” ачык акционердик коомуна айланган, андан кийин азыркы “Росинбанк” болуп калды.

Насыя өндүрүү укугунан пайдаланып, банк 2012-жылы 5-июнда Самарбек Жумалиев аттуу ишкер менен (ал экс-президент Аскар Акаевдин окуучусу, экс-премьер-министр, экс-губернатор, “Бир бол” партиясынан азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бир тууган иниси) келишим түзөт. Келишим боюнча С. Жумалиев насыя төлөй албай калган М. Салимовдун 5 миллион 649 миң 908 сом 66 тыйын карызын төлөйт; ал эми банк ага күрөөгө коюлган мүлктү убактылуу пайдаланууга өткөрүп берет.

Бирок, бул келишим мыйзамдуу эмес түзүлүп калган, себеби “Касым-Ата” ЖЧКсы 2012-жылы 30-майда С. Жумалиев аркылуу 5 миллион 16 миң 718 сом 50 тыйынды, кийин 2012-жылы 4-июнда 53 миң 121 сом 16 тыйынды банктын эсебине төлөп берген. Бир сөз менен айтканда, карыз толугу менен төлөнүп бүткөн болчу. Демек, насыя алган кишинин карызы калбаган соң, банк 2012-жылы 5-июнда С. Жумалиев менен келишим түзүп, күрөөдөгү мүлктү ага пайдаланууга бербеши керек эле. Анан дагы маанилүү нерсе (!), бул келишимди түзүүгө насыя алган, карыз төлөй турган М. Салимов катышкан эмес жана анын колу да жок. Таптакыр туура эмес болгон.

Соттор да мыйзамсыз келишимди колдошту

М. Салимов мындай бир тараптуу эле мыйзамсыз түзүлгөн келишимге каршы туруп, Жалал-Абад райондор аралык сотуна ал келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок, сот түзүлгөн келишимди туура деп тапты, аны Жалал-Абад областтык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырды. М. Салимов арызын каякка, кимге айтышын билбей кала берди.

Анан С. Жумалиев 2012-жылы 5-октябрда “Вискарь” консалтинг компаниясын жалдап, базарды сатууга аукцион өткөргөн да, анын жеңүүчүсү өзү болгон. Кыскасы, схема жакшы түзүлүп, базарды өзүнө алып алды. Кийин 2013-жылы 4-апрелде базарды күч колдонуп, ээлеп да алган. Күч колдонуудан жабырлангандар милицияга, прокуратурага кайрылышкан, бирок эч бир чара көрүлбөй кала берген. Андан ары жабырлануучулар өлкөдө укук талаасында өзгөрүүлөр башталды деп үмүт кылып, президент С. Жээнбековго кайрылышат. Ал кайрылуу областка, областтан Ноокен районуна жөнөтүлүп, дагы эле натыйжа чыккан жок. Райондогулар “мурда кайрылсаңар болмок, кечигип калыпсыңар” деген жоопту узатышат. Ал эми мурда кайрылышканда көңүл бурушкан эмес, жаап салышкан. Ошентип, президент С. Жээнбеков элге көрүлүп жаткан жакшы багыттарды айтат, бирок жергиликтүү укук коргоо органдары аны элге шылдыңдап, жаман көрсөтүү менен убара.

М. Салимов бул аукциондун өткөрүлүшүн мыйзамсыз деп эсептеп, Жалал-Абад райондор аралык сотуна кайрылат, сот аукционду мыйзамсыз деп табат, областтык жана Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырат. Базар М. Салимовго өтөт, бирок ал аны тескей албайт, себеби С. Жумалиев аны ээлеп алган.

Жаңы жагдайлар ачылды

Жок жерден базарын колдон алдырган М. Салимов ошол 2012-жылы түзүлгөн келишимдин туура же туура эместигин расмий тастыктоо үчүн аудитордук кызматка кайрылат. “Жалалабат аудит” жоопкерчилиги чектелген коому банк менен С. Жумалиевдин ортосунда түзүлгөн келишимди ар тараптуу изилдеп чыгып, 2018-жылы 12-ноябрда өзүнүн корутундусун чыгарган. Анда насыя карыздары бул келишим түзүлгөнгө чейин эле төлөнгөнү, ошол жагдай эске алынбай түзүлгөн бул келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин талаптарын, мурда банк менен М. Салимов ортосундагы түзүлгөн келишимдин талаптарын бузганы айтылып, М. Салимовго банк тарабынан зыян келтирилгени тастыкталат.

Ошол жаңы ачылган жагдайга негизденип, М. Салимов өзүнүн ишенимдүү өкүлү аркылуу Жалал-Абад райондор аралык сотуна ошол эле соттун 2012-жылы 12-декабрда чыгарган чечимин, банк менен С. Жумалиевдин ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды. Сот өтүнүчтү 2019-жылдын 15-мартындагы жыйынында карап, аны канааттандырган жок. Бардык далилдер да, аудит-эксперттердин корутундусу да, андан келип чыккан жаңы жагдайларда да сотту ынандыра алган жок.

Эми Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими чечими боюнча Жалал-Абад областтык сотуна өтүнүч келтирилмекчи.

Корутунду

Аудит түзүлгөн келишим боюнча өзүнүн корутундусун чыгарган. Ал эми бул Кочкор-Атадагы рейдерлик боюнча биз дагы өзүбүздүн корутундубузду чыгарсак болот. Көрүнүп тургандай, соттор жана укук коргоо органдары көп жагдайларга, мыйзамдуу фактыларга карабай жатышат. Кордук көргөн жабырлануучулар да

адилеттикке жетпей кала беришти, базарын алдырган киши да бир нече жылдардан бери боздоп жүрөт.

Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков соттордун чоң жыйынында адилетсиз соттор тозокко түшөрүн айтып, эскертип кетти. Бирок, азыркы соттор мыйзамдан да, президенттен да, тозок отунан да коркушпайт экен. Муну далилдөөчү көптөгөн-көптөгөн фактылар бар, бирок эң негизги факты – президент тозок оту тууралуу айтса, соттордун дүркүрөтө кол чабышы болду. Тастыкташты.

Абал ушул бойдон кала бербейт, баары бир өзгөрөт, ордуна келет, бирок ким-бирөөлөргө кыйын болуп калат, аны унутпаш керек.

P.S.Эми кийинкисинде бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты, С. Жумалиевдин бир тууган агасы Кубанычбек Жумалиевдин бул ишке канчалык тиешеси же таасири барлыгы тууралуу болмокчу.

Абдиназар МАМАТИСЛАМОВ, укук коргоочу.

Жалал-Абад шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17