Аймак

БАШ ИМАМДАР “АЖЫМАТ ЭШЕН” БОРБОРДУК МЕЧИТИНДЕГИ ИМАМИЯТТЫН КЕҢСЕСИ ТААНЫШЫШТЫ

БАШ ИМАМДАР “АЖЫМАТ ЭШЕН” БОРБОРДУК МЕЧИТИНДЕГИ ИМАМИЯТТЫН КЕҢСЕСИ ТААНЫШЫШТЫ

 3,180 Бардыгы /

Аксы райондук хатибиятынын кызматкерлери жана аталган районго караштуу айыл өкмөттүн баш имамдары Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “Ажымат эшен” борбордук мечитинде түптөлүп жаткан имамияттын кеңсеси менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу областык казыяттан билдиршти.

Таанышуунун жүрүшүндө имамдын бөлмөсү, эмеректери, иш кагаздары, шарттары тууралуу маектешишти. Эң негизгиси имамдар заманбап имамияттын кеңсесине жана үч функционалдуу компьютер менен жабдылышына күбө болушту.

Имамдын кеңсеси менен таанышып бүткөндөн кийин, райхатиб Мырзабек ажы Абдыкалыков имамдарга жыйын өткөрдү.

Анда жыл башында КМДБ жана облустук казыяттан келген буйрук жана тапшырмаларды имамдарга тааныштырып 2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата алгылыктуу иш чараларды уюштуруп, казыят, райондук хатибият, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тыгыз иш алып барууга чакырды.

Андан соң, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамы Абдурашит Анакеев облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасын аткарууда, өзү демилге көтөрүп, заманбап кеңсе уюштургандыгы учурдун талабы экендигин жана башкаларга үлгү болгондугун баса белгилеп, башка айыл өмөттөрдө да имамияттын кеңсесин түптөө керектигин айтты.

Ал эми имам Абдурашит Анакеев: “Санариптештирүүнүн алкагында Үч-Коргон айылындагы бардык дин кызматкерлер, мечиттер тууралуу маалыматтар үч функционалдуу компьютерге киргизилди. Мындан ары кыйынчылык болбойт”, деп өз сөзүндө белгилеп өттү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17