Аймак

ЭКОНОМИКАЛЫК ДИПЛОМАТИЯ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАТИВДИК ТОПТУН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУН ӨТКӨРДҮ

ЭКОНОМИКАЛЫК ДИПЛОМАТИЯ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАТИВДИК ТОПТУН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУН ӨТКӨРДҮ

 1,341 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экономикалык дипломатия боюнча Консультативдик топ кезектеги отурумун өткөрдү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин, Экономика, Каржы, Айыл чарба, Туризм министрлеринин орун басарлары жана Кыргызстандын бизнес-бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты. Мында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга боло турган иш сапары жөнүндө маалымат угулду. Бул өңүттө пландалган экономикалык дипломатия боюнча иш-чараларга дагы өзгөчө басым жасалды. Маселен, пландалган “роуд-шоу” иш-чарасына катуу токтолушту. Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Германия Элчилигинин жана Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомунун (GIZ) өкүлдөрү дагы катышты. Алар жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымдашып, уюмдун долбоордук ишмердүүлүгүн презентациялашты.

Соңунда Кыргызстандын бизнес-бирикмелеринин өкүлдөрү   Германия менен кызматташуу жана Консультативдик топтун алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча бир катар сунуштарды дагы киргизишти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17